Коронавирусту дарылаган кайсы ооруканада бош орун бар? Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканада медициналык кызматкерлер. Архив
Ооруканада медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Министрликтин 22-май саат 12:00гө берген маалыматы боюнча, бардык ооруканаларда бейтаптарга орун жетиштүү.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
22-май саат 12:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 13 ооруканада 332 бош орун бар. Алар:
  • Улуттук хирургия борбору — 7;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 31;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 13;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 49;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 32;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 60;
  • Улуттук госпиталь: урология боюнча корпус — 39;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 12;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 15;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 7;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 13;
  • Республикалык наркология борбору — 35.
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 22.
Өткөн суткада Кыргызстанда 308 кишиден коронавирус табылып, сегиз бейтап көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0