Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКыз жаан учурунда кол чатыр менен. Архив
Кыз жаан учурунда кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Синоптиктер 21-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертти.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас жеринде +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын өрөөнүндө +16…+21 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +25…+27 градус болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0