https://sputnik.kg/20210519/migrant-ehmgek-kelishim-tuzuu-1052529817.html
Чет өлкөдө эмгек келишими жок иштебеш керек. Адистин түшүндүрмөсү
Чет өлкөдө эмгек келишими жок иштебеш керек. Адистин түшүндүрмөсү
Sputnik Кыргызстан
Азамат Айтбаевдин айтымында, мигрант бара жаткан өлкөнүн мыйзамдарын билип алганы жакшы. Мыйзамды билбестик оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. 19.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-19T08:33+0600
2021-05-19T08:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
миграция
мигрант
келишим
адис
жумуш
мыйзам
укук
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0e/1051458604_0:120:1956:1220_1920x0_80_0_0_7c51246cb2d3ace5a9ae15e94d4f3eeb.jpg
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандык мигранттардын көйгөйүн чечүү менен алектенген "Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев чет өлкөдө иштөөдөгү эмгек келишиминин артыкчылыктарын айтып берди.Анын пикиринде, чет жакта мыйзамдуу түрдө иштеген адамга андан ары өнүгүүгө жакшы шарттар түзүлөт.Айтбаевдин айтымында, мигрант бара жаткан өлкөнүн мыйзамдарын билип алганы жакшы."Мыйзамды билбестик оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мисалы, ар бир өлкөдө анын аймагына кирериң менен каттоого туруп, жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү керек. Бул эрежелерди аткарбаган адам "кара тизмеге" кирип же кайра келүү укугунан ажырап, өлкөдөн чыгарылып калат", — деди ал.Сөзүнүн аягында Айтбаев эмгек келишиминин артыкчылыктарын санап өттү.Мындан тышкары, ал келишим менен иштегендер милдеттүү медициналык камсыздандырууга ээ болуп, медициналык кызматтарды тоскоолдуксуз пайдалана аларын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20210513/migranttar-kancha-akcha-kotorgon-1052477636.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0e/1051458604_208:0:1835:1220_1920x0_80_0_0_0d9405a2aefa22fc0b4cde226e9a2165.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, миграция, мигрант, келишим, адис, жумуш, мыйзам, укук
жаңылыктар, коом, кыргызстан, миграция, мигрант, келишим, адис, жумуш, мыйзам, укук
Чет өлкөдө эмгек келишими жок иштебеш керек. Адистин түшүндүрмөсү
08:33 19.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Азамат Айтбаевдин айтымында, мигрант бара жаткан өлкөнүн мыйзамдарын билип алганы жакшы. Мыйзамды билбестик оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстандык мигранттардын көйгөйүн чечүү менен алектенген "Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев чет өлкөдө иштөөдөгү эмгек келишиминин артыкчылыктарын айтып берди.
Анын пикиринде, чет жакта мыйзамдуу түрдө иштеген адамга андан ары өнүгүүгө жакшы шарттар түзүлөт.
"Мигранттардын басымдуу бөлүгү тааныштары аркылуу жумушка кирип, чет жакта келишим түзбөй эле иштей берет. Бул учурда алар чоң тобокелдикке барып, коркунучка кептелишет. Ал эми жумуш берүүчү менен мамилени мыйзамдаштырган адам эч нерседен коркпой иштей берсе болот", — деди адис.
Айтбаевдин айтымында, мигрант бара жаткан өлкөнүн мыйзамдарын билип алганы жакшы.
"Мыйзамды билбестик оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мисалы, ар бир өлкөдө анын аймагына кирериң менен каттоого туруп, жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү керек. Бул эрежелерди аткарбаган адам "кара тизмеге" кирип же кайра келүү укугунан ажырап, өлкөдөн чыгарылып калат", — деди ал.
Сөзүнүн аягында Айтбаев эмгек келишиминин артыкчылыктарын санап өттү.
"Эмгек келишими маянаны камсыздандырууга, эмгек шартын жана иш убактысын аныктоого жардам берет. Ошондой эле мыйзамдуу түрдө иштеген адамга эмгек стажы жазылып, келечектеги пенсиясына төлөм кете берет", — деп түшүндүрдү координатор.
Мындан тышкары, ал келишим менен иштегендер милдеттүү медициналык камсыздандырууга ээ болуп, медициналык кызматтарды тоскоолдуксуз пайдалана аларын кошумчалады.