11-класстар үчүн гана. Бишкек мектептеринде Акыркы коңгуроо кандай өтөрү айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги окуучулар акыркы коңгуроо учурунда. Архив
Бишкектеги окуучулар акыркы коңгуроо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева Бишкек мэриясы Акыркы коңгуроону кадимки форматта өткөрүүнү пландап жатканын айткан.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектин мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанаты 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн гана өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева Бишкек мэриясы аземди кадимки форматта өткөрүүнү пландап жатканын айткан.
"Акыркы коңгуроону кадимки форматта бардык санитардык эрежелерди сактоо менен 11-класстар арасында гана өткөрүү чечими кабыл алынды. Ар бир мектепте график түзүлүп, бүтүрүүчүлөр мектепке өздөрүнүн гана классы менен келип кетишет. Мектеп менен коштошуу салтанатына ал класска сабак берген мугалимдер катышат. 1-класстын окуучулары Акыркы коңгуроого катышпайт", — дешти маалымат кызматтан.
Башкармалыктан кошумчалашкандай, Акыркы коңгуроого 9-класстын бүтүрүүчүлөрүн катыштыруу же катыштырбоо чечимин ар бир мектептин жетекчилиги кабыл алат.
Окуучулар жалпы республикалык тестирлөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Кыргызстанда ЖРТ башталды. Жетишпей калгандар качан тапшырса болот?
"Негизинен 9-класстын бүтүрүүчүлөрү колуна аттестат алып, бирок мектепте эле андан ары окуй беришет. Эгер ата-энелер балдары кесиптик окуу жайга тапшырып, мектептен кетет деп чечсе, мектеп администрациясы менен сүйлөшүп туруп чечим кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Башкармалыктан кошумчалашкандай, иш-чаранын сценарийи боюнча Акыркы коңгуроо салтанатына 1-класстын балдары тартылбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0