00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эне — өмүрдүн башаты! Садыр Жапаров Энелер күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештердин балдарын камкордукка бөлөп, тарбиялап жаткан апалар менен чоң энелерге да ыраазычылыгын билдирген.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандагы жалпы энелерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Өз куттуктоосунда президент эненин өзгөчө ордуна токтолгон.
"Жашообузда эненин өзгөчө ролу бар. Эне — дүйнөдө теңдеши жок асылзат. Эне — өмүрдүн башаты. Эне — ар бир үйдүн, жалпы мекенибиздин куту. Элибиз байыртадан энени ыйык көргөн, Умай эне атаган, жерди — Жер Эне, өз тилин — эне тил деген. Ошондуктан энени урматтоо жана сыйлоо, анын турмуштагы алмаштырылгыс ордун таануу каада-салтыбызга терең тамырлаган. Кыргызстанда бекем, чоң жана ынтымактуу үй-бүлөлөр ар дайым коомдун маанилүү фактору болуп келген. Чыныгы энелик мээримдин чеги жок. Биздин күндөрдө жетим балдарды өз баласындай асырап, мээрмандуулуктун жана нагыз адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүп, аларга сүйүүсүн, жан дүйнөсүн арнаган энелердин ар бири жалпы коомубуздун терең урмат-сыйына татыктуу", — деп жазылат Жапаровдун куттуктоосунда.
Мамлекет башчы чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештердин балдарын камкордукка бөлөп, тарбиялап жаткан апалар менен чоң энелерге да ыраазычылыгын билдирген.
Балдары менен сүрөткө түшүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Ар бир аялга үчтөн бала туура келет! Бүгүн Кыргызстанда Энелер күнү
"Сиздер наристелердин бактылуу балалыктын кучагында жайдары жашоосу жана алардын коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу жарандардан болуп жетилиши үчүн эбегейсиз зор салым кошуп жатасыздар. Бүгүнкү күндө үй-бүлө институтун чыңдоо, эне-баланы коргоо, энелердин укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу, көп жана жаш балалуу үй-бүлөлөрдү ар тараптан колдоо — мамлекетибиздин социалдык саясатынын эң маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири. Эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны тез арада ишке киргизүүнү тапшырдым", — деп айтылат куттуктоодо.
Садыр Жапаров энелерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалап өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0