00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ТИМ Түркияга бара турчуларга сактык полисин алууну эскертти. Артыкчылыгы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүУчактагы Түркциянын желеги. Архив
Учактагы Түркциянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Сактык полиси бар жарандар аталган мамлекеттен оору жуктуруп алса, дары-дармекти акысыз алышат.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Түркияга туристтик максатта барган чет өлкөлүк жарандарда туристтик ишканаларда таризделген сактык полисинин болушу абзел. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сактык полиси бар жарандар аталган мамлекеттен оору жуктуруп алса, медициналык каражаттарды, дары-дармекти акысыз алышат. Тагыраагы, Түркиянын саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык кызмат көрсөтүү сактык полисинин негизинде гана жүргүзүлөт. Эгер туристтин сактык полиси жок болсо, анда дарылануу үчүн акы төлөйт.
"Түркиянын өкмөтү тарабынан киргизилген алгоритмге ылайык, вирустун жеңил түрүн жуктуруп алган чет өлкөлүк жарандарга препараттар бекер берилет. Ал эми илдеттин оор түрүнө чалдыккандар муниципалдык кызматтардын жолдомосу менен мамлекеттик медициналык мекемелерге жайгаштырылат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам ТИМ Түркияга жөнөп жаткан кыргызстандыктарга сактык полисин алууну эскертип, аталган мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаалдан улам Түркияга азырынча барбай коё турууну сунуштады.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркия коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалдан улам бир катар шаарларына локдаун киргизген. Оору жуктургандар апрелдин ортосунда жогорку чекке жетип, андан кийин азая баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0