Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / MARTIN BERNETTIЖүргүнчүлөр жамгыр учурунда. Архив
Жүргүнчүлөр жамгыр учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
15-майга караган түнү температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ишембиде күндүз республика аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбордо +22…+24, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0