Үйүнө Айгүл эккен Калча апа: 150 түп гүлдү өстүрүүгө 40 жыл убакыт кетти

© Фото / Диана Матисаева86 жашта Калча Матраимова дал ушул Айгүл тоосу жайгашкан Кара-Булак айылында жашайт
86 жашта Калча Матраимова дал ушул Айгүл тоосу жайгашкан Кара-Булак айылында жашайт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Калча апа өз үйүнүн бакчасына кол жеткис гүлдөрдү 40 жылдан бери өстүрүп келе жатат. Алгач Айгүлдүн эки түп тамырын отургузуп, жыл сайын уругун алып сээп отуруп 150гө жеткирген. Учурда анын короосу өзүнчө бакчага айланган.
Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Айгүл гүлү апрель айынын орто ченинде гүл ачып, 20 күндөй гүлдөйт. Мындай өсүмдүк Баткенде гана өсөт. 86 жаштагы Калча Матраимова дал ушул Айгүл тоосу жайгашкан Кара-Булак айылында жашайт.
Сейрек кездешкен Айгүл гүлүн аздектеген Калча апа Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп, өсүмдүктүн сырлары менен бөлүштү. 
— Айгүл гүлүн тоодон алып келип үйүңүздө көбөйтүүнү максат кылдыңыз беле?
Сүрөтчү Бегимгул Жолдошбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Короосуна кафелдин 70 түсү менен сүрөт тарткан Бегимгүл. Аксылык кыздын маеги
— Бала кезде классташтар, мугалимдер менен чогуу азыркы Айгүл-Таш тоосуна экскурсияга чыгаар элек. Айгүл гүлүн үзүп, терип ойночубуз. Ал убакта азыркыдан көп жерде бажырайып гүл ачып, бийик болуп өсчү. Атайын корукка алына элек эле. Айгүлгө азыркыдай маани деле берилчү эмес, бирок короодо өстүргөндөр бирин-серин бар болчу.
Совет доорунун 80-жылдарында балдарымдын мектепте окуган кези. Бир күнү ойноп жүрүп "Айгүл гүлүн каздык" деп пияздай болгон тоголок эки тамырын көтөрүп келишти. Аны күнөстүү, жумшак топурактуу жерге тигип койдук. Чөбүн отоп, суу куюп карадык. Бирок жакшы көктөп өспөй койду. Кийин аны көлөкө түшкөн тескей, таштактуу жерге көчүрдүк. Анан бой көтөрүп өсө баштады. Көрсө, Айгүл тоо-ташта өсүүгө ыңгайлашкан жапайы гүл экен. 
© Фото / Диана Матисаева86 жашта Калча Матраимова Айгүл тоосу жайгашкан Кара-Булак айылында жашайт
86-летняя Калча Матраимова разводит цветок Айгуль (рябчик Эдуарда) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
86 жашта Калча Матраимова Айгүл тоосу жайгашкан Кара-Булак айылында жашайт
— Демек, бул гүл өзү эле гүлдөп өсө берет экен да?
— Ооба, бирок малга тепселетпей жакшы кароо керек. Мен өстүрүп баштаганда Айгүл-Таш тоосун корукка айландырууга өтүшкөн. Мен да аяр мамиле кылып, кызыгып баштадым. Айгүл гүлү уругун сепкен жылы эле гүлдөбөйт. Алгач бир кулакча пайда болот, кийинки жылы экинчиси, ошентип беш-алты жылда гүлүн ачууга даяр болот.
— Мындай гүлдү өстүрүп, көбөйтүү үчүн кандай эмгек талап кылынат?
— Алгач өстүрүп баштаганда тамырынан тиккен эки түп гүлүм бажырайып гүлдөп, уругун чачайын деп турган чакта бирөөсүнүн башын уурдатып жибердим. Түндө ким алып кеткени белгисиз, башын кыркып алышыптыр. Мунун айынан ал жылы урук алып көбөйтө албай калдым. Кийинки жылдары уругу бышканда алып, жок жерлерге сээп акырындан көбөйтө баштадым. Мында да өзгөчө көңүл буруп караш керек. Уругу бышканда өз маалын таап алып калбасаң, шамал менен учуп да кетет. 
© Фото / Диана МатисаеваКыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Айгүл апрель айынын орто ченинде гүл ачып, 20 күндөй ошол кооздугун сактап турат
86-летняя Калча Матраимова разводит цветок Айгуль (рябчик Эдуарда) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Айгүл апрель айынын орто ченинде гүл ачып, 20 күндөй ошол кооздугун сактап турат
— Кара-Булак айылында сизге окшоп Айгүл гүлүн өстүрүү кадыресе көрүнүшпү же кандай?
— Азыр үйдүн алдында 150 түптөй бар. Арасында уругунан жаңы чыгып өсүп баштагандары да көп. Балдарым үйлөнүп, өз үйлөрүнө бөлүнгөндө уругунан алышкан. Бирок өстүрө албай коюшту окшойт, гүлдөгөн жок. Айылда кошуналарым дагы кызыгып уругун алып, бирок карай албай таштап койгондор да бар (күлүп). Негизинен көпчүлүгү үйүндө бирден-экиден өстүрөт.
— Демек, мунун сырын сиз эле билет турбайсызбы.
— Ооба, башында гүлдү кызыгып өстүрсөм, азыр эрмегим болуп калды. Билинбей 40 жылдай убакыт өтүп кетиптир. Жаз алды менен көз салып карайм, гүл ачышын күтөм. Июнь айында уругун терип алам да, бош жерге кайра сээп көбөйтөм. Негизи Айгүл гүлү жапайы болгондуктан суу берип багуунун деле кереги жок. Бирок корукка алып, малга жедирбей, үздүрбөй караш керек. 
© Фото / Диана МатисаеваКалча Матраимова: башында гүлдү кызыгып өстүрсөм, азыр эрмегим болуп калды. Билинбей 40 жылдай убакыт өтүп кетиптир
86-летняя Калча Матраимова разводит цветок Айгуль (рябчик Эдуарда) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Калча Матраимова: башында гүлдү кызыгып өстүрсөм, азыр эрмегим болуп калды. Билинбей 40 жылдай убакыт өтүп кетиптир
— Айгүл гүлүн башка аймакка көчүрүп барып өстүрсө болобу?
— Жок, өспөйт экен. Кара-Булак айылынан башка жакка алып барышса да өскөн эмес. Белгилүү бир жерде гана өскөндүктөн баалуу болуп жатпайбы.
— Айгүл гүлдөгөн маалда барып көрүүгө ашыккандар арбын. Сиздин корооңузга киргендер ары таң калып, ары суктанып чыгышса керек.
— Албетте. Алыстан келгендер короого кирери менен таңыркап карап, суктанышат. Көпчүлүгү эң алгач "кантип өстүрдүңүз, чын эле Айгүл гүлүбү?" деген суроолорду узатышат. Анан дароо эле сүрөткө түшүп алалы деп суранышат. 
© Фото / Диана МатисаеваУчурда Калча апанын үйүнүн алдында 150 түптөй Айгүл бар
86-летняя Калча Матраимова разводит цветок Айгуль (рябчик Эдуарда) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Учурда Калча апанын үйүнүн алдында 150 түптөй Айгүл бар
— Өзүңүз мурда кайсы тармакта иштегенсиз, учурда канча небере-чөбөрөнүн төрүндө отурасыз?
Айгүл гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2019
Турмуштук тажрыйбанын изи. Мурза Гапаровдун "Айгүл тоо" аңгемеси тууралуу 10 факты
— Мен ушул Кара-Булак айылында эле төрөлүп, чоңойдум. Кыйынчылык мезгил эле, 7-классты бүтүп, кийин окуй албай калганбыз. Өзүбүздүн айылга эле турмушка чыгып, беш уул, алты кызды тарбиялап чоңойттук. Буудай орот элек, колхоздун малына чөп жыйнайт элек. Жолдошум бригадир болуп иштечү, кийин мени китепканага жумушка киргизип, ал жерде 30 жылдай иштедим. Учурда ошол эмгектин үзүрүн көрүп, элге-жерге тынчтык берсе экен деп 27 небере, 26 чөбөрөм менен бака-шака болуп отурам.
Жаңылыктар түрмөгү
0