ЮНЕСКО 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.
Эң алгач ЮНЕСКОнун тизмесине 2009-жылы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплекси кирген. Андан кийин 2012-жылы ала кийиз менен шырдак маданий мурас деп таанылган. Кылымдарды карыта жашап, колдогу көр оокатты эмес көкүрөк-көөдөндөгү жан байлыкты туу туткан көчмөн кыргыз элинин бүтүндөй дүйнө таанымын, жашоо тиричилиги менен салт-санаасын чагылдырган "Манас", "Семетей, "Сейтек" эпикалык үчилтигин да ЮНЕСКОнун тизмесинен табууга болот. 2014-жылдын 27-ноябрында Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалар адамзаттын жалпы байлыгы катары бааланган. 2015-жылы кыргыз-казак элине орток айтыш өнөрү адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирген. Бурана мунарасы да материалдык мурастар тизмесинен орун алган. 2016-жылы ЮНЕСКОнун тизмесине 12 мамлекеттин атынан Нооруз майрамы менен буудай унунан жасалган калама кирген.
Ошондой эле ЮНЕСКОнун тизмесине 2017-жылы көк бөрү оюну киргизилген. Көк бөрү — ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты тизмеге 2019-жылы, ал эми тогуз коргоол оюну 2020-жылы кирген.