00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мойнунан кан аккан боюнча көмүлдү. Чек арада окко учкан Акжолдун трагедиясы. Видео

Жазылуу
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкан 36 кыргызстандыктын арасында Акжол Арыпбай уулу да бар. Ал быйыл 25 жашка толгон, Баткен районунун Кара-Бак айылында жашачу. 29-апрелде айылдаштары менен "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына барып окко учкан.
Акжолдун артында туяк калган жок, дагы бир аз иштеп, үйүн оңдоп алып анан үйлөнөм деп жүргөн. Эгер кандуу кагылышуу болбогондо ал 2-май күнү атасына куран окутуп, эртеси улгайган апасын ден соолугун чыңдоо үчүн ооруканага жаткырмак.
Маркумдун атасынын агасы Шарип Сүйүнов инисинин сөөгүн бир күндөн кийин табышканын айтат.
"Баткендеги өлүкканага барсак 18 адамдын сөөгү келди. Өлүктөрдү тизип койгон экен, ошол жерден тааныдык. Медиктер бети-башын тазалап берди, алып келип жерге бердик. Жума күнү биздин айылдан төртөөнү бир узаттык, мечитте жаназасы окулду. Эртеси дагы бир жигиттин сөөгү келди. Негизи бейшемби күнү бизде мал базар болот. "Головнойдогу" жаңжал боюнча телефондон кабар беришип, "жардамга келгиле" дешсе базардан ары эле кетиптир. Барганда миномёт менен аткан окшойт. Мойнунан кан токтободу, ошол бойдон алып барып койдук", — деди Сүйүнов.
Акжол сегиз бир туугандын төртүнчүсү. Апасы Райымахан Ниязова ал фундамент куюп иштеп үй-бүлөсүнө каралашып келгенин айтат.
Өлгөндөрдү алып чыгууга баргам. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Түнү бою сабап, суу да бербей кыйнады. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги
"Шартка байланыштуу үйлөнө албай жүрдү, "апа, бутума турсам үйлөнөм" деген. Ишке деп кетип ошол бойдон өлүп келди. Чалдым, чалдым, телефонун көтөрбөдү, кийин "өтүптүр" деп айтышты. Элим үчүн коргойм, мен баарына даярмын деп барыптыр да. Өзү намыскөй, бирөөгө эч жаман сүйлөбөгөн бала эле. Былтыр бетон аралаштыргыч алып, "эми, апа, ушуну менен бутума туруп кетем" деп жүргөн. Бул жактагы агасынын үйүндө да жүк түшүрүп иштечү. "Апа, ишембиде базарлык кылып, жекшемби күнү ооз ачар өткөрүп атама куран окутабыз. Анан дүйшөмбү күнү сизди жакшы бир жерге алып барып эс алдырам, кант диабетиңизди көрсөтөм" деген. Акыркы сүйлөгөн сөзү ошол болду", — деп ыйлады муңайган эне.
Чыр чыккан күнү "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында 25 жай тургун мерт болгон. Жарадарларды алып келүүгө тез жардам унаасы да өтө албай калган.
Аталган суу таратуучу пункту Баткен районунун Кара-Бак айылы үчүн да маанилүү. Себеби ошол жактан чыккан суу менен эгинин сугарышат. Куралдуу кагылышуудан бул айылдан беш адам мерт болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0