Курманбек Бакиевдин бир тууганына карата сот өкүмү жокко чыгарылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Буга чейинки чыккан өкүмдөр жокко чыгарылып, иш кайра кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевдин кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
Президенттин кеңешчиси Равшан Сабиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жогорку сот президенттин кеңешчиси Равшан Сабировдун өкүмүн жокко чыгарды
Ал эми адвокаттын Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча келтирген өтүнүчү канааттандырылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0