Шейшембиге карата аба ырайы

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
11-майга караган түнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.
БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Шейшембиде күндүз туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас жергесинде +23…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +18…+23 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +26…+28 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0