Мозгачева Бишкекке кайрадан вице-мэр болуп келди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин вице-мэри болуп дайындалган Виктория Мозгачева. Архив
Бишкектин вице-мэри болуп дайындалган Виктория Мозгачева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Былтыркы жылдын июль айынын аягында Виктория Мозгачева вице-мэр болуп дайындалып, бирок октябрдын соңунда иштен алышкан. Анын ордуна Айжан Чыныбаева келип, жарым жыл иштеп, ал дагы кызматтан кеткен.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Айжан Чыныбаева Бишкектин вице-мэрлик кызматынан бошотулуп, ордуна Виктория Мозгачева дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Генерал-майор Марат Иманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды
Эске салсак, былтыркы жылдын июль айынын аягында Виктория Мозгачева вице-мэр болуп дайындалып, бирок 27-октябрда ал кезде мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев иштен алган.
29-октябрда Мозгачеванын ордуна Айжан Чыныбаева келип, аталган кызматта жарым жылга чукул иштеди. 4-майда Чыныбаева Facebook тармагындагы баракчасына вице-мэрликтен кетип жаткандыгын жазган. Ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергеновдун иш ыкмасы менен макул эместигин билдирип, "мамилеси келишпей калгандыгын" жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0