Улуу Жеңишке 76 жыл толду. Кан майдандын каарын көрсөткөн сүрөт баян

Жазылуу
Бүгүн, 9-майда, Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленип жатат. Бул согушкка 300 миңден ашык кыргызстандык аскер катышкан.

Москванын Кызыл аянтында Жеңиш парады өтүүдө. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Москванын Кызыл аянтында Жеңиш парады өтүүдө. Видео
Кыргыз ССРнин ар бир төртүнчү тургуну кан майданга жөнөгөн. Мындан сырткары, Кыргызстан тереңдеги тылда болсо да фронтко зор көмөк көрсөткөн.

Колумнист Алмаз Батилов Кыргыз ССРи фашисттик Германияны жеңүүгө кандай салым кошкону жөнүндө Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин фотодокументтеринин негизинде сүрөт баяндама жасады.

© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Л. ВильчинскийКыргыз педагогикалык институнун мугалимдеринин найза менен салгылашууну үйрөнүп жаткан учуру. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
1/23
Кыргыз педагогикалык институнун мугалимдеринин найза менен салгылашууну үйрөнүп жаткан учуру. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору Л. Вильчинский. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / С. ХарченкоТирде. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору С. Харченко. 1943-жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушка жардам берчү коому тарабынан (ОСОАВИАХИМ) 1 жана 2-даражадагы 163923 ворошиловдук көзгө атарлар, 17980 станоктук пулеметтон аткандар, 16765 байланышчы, 26678 миномет аткычтар, 11734 медайым менен санитардык инструктор жана башка аскердик кадрлар даярдалган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
2/23
Тирде. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору С. Харченко. 1943-жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Коргоо, авиациялык жана химиялык курулушка жардам берчү коому тарабынан (ОСОАВИАХИМ) 1 жана 2-даражадагы 163923 ворошиловдук көзгө атарлар, 17980 станоктук пулеметтон аткандар, 16765 байланышчы, 26678 миномет аткычтар, 11734 медайым менен санитардык инструктор жана башка аскердик кадрлар даярдалган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРМилдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системанын аскерлери тактика боюнча машыгып жаткан маал. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-1945-жылдары милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан 9 862 000 советтик жаран өткөн.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
3/23
Милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүүчү системанын аскерлери тактика боюнча машыгып жаткан маал. 1941-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-1945-жылдары милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан 9 862 000 советтик жаран өткөн.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР385-аткычтар дивизиясынын командирлери, саясий бөлүмдүн жетекчилери жана жоокерлери Кыргыз ССРинин делегациясы менен жолуккан учуру. Батыш фронт. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Бул дивизия 1941-жылдын август айынан баштап Фрунзе шаарында куралган. Фрунзелик кошуундун кан майданда жолу 1942-жылы 8-февралда башталган. 1943-жылы 30-сентябрда 385-дивизия Беларустун Кричев шаарын фашисттик баскынчылардан бошотот. Дал ушул себептен улам Иосиф Сталин “Кричев” наамын ыйгарган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
4/23
385-аткычтар дивизиясынын командирлери, саясий бөлүмдүн жетекчилери жана жоокерлери Кыргыз ССРинин делегациясы менен жолуккан учуру. Батыш фронт. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Бул дивизия 1941-жылдын август айынан баштап Фрунзе шаарында куралган. Фрунзелик кошуундун кан майданда жолу 1942-жылы 8-февралда башталган. 1943-жылы 30-сентябрда 385-дивизия Беларустун Кричев шаарын фашисттик баскынчылардан бошотот. Дал ушул себептен улам Иосиф Сталин “Кричев” наамын ыйгарган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРБала бакчадагылар фронтко посылка даярдап жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору белгисиз. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылдын ноябрь айынан баштап 1942-жылдын сентябрь айына чейин Кыргызстанга Россиянын батыш аймактарынан 41 балдар үйү жана 3 348 өспүрүм эвакуацияланган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
5/23
Бала бакчадагылар фронтко посылка даярдап жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1942-жыл. Сүрөттүн автору белгисиз. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылдын ноябрь айынан баштап 1942-жылдын сентябрь айына чейин Кыргызстанга Россиянын батыш аймактарынан 41 балдар үйү жана 3 348 өспүрүм эвакуацияланган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / К. ВильчинскойКызыл армиянын жарадар аскерлери “Красный авангард” колхозунда эс алып жаткан учуру. 1942-жыл. Ысык-Көл облусу. Сүрөттүн автору К.Вильчинская. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Кыргызстанда жарадар жоокерлерди дарылаш үчүн 25 госпиталь ачылган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
6/23
Кызыл армиянын жарадар аскерлери “Красный авангард” колхозунда эс алып жаткан учуру. 1942-жыл. Ысык-Көл облусу. Сүрөттүн автору К.Вильчинская. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Кыргызстанда жарадар жоокерлерди дарылаш үчүн 25 госпиталь ачылган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Б. БлюменКызыл армиянын жарадар аскерлерине “Пищевик” артелинин жумушчулары нан бышырып, аны таразага тартып жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1943-жылы. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргыз ССРинин колхоз менен совхоздору кан майданга 4,5 миллион нан, 2,7 миллион пуд картошка менен жашылча, 2,8 миллион пуд эт жөнөткөн.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
7/23
Кызыл армиянын жарадар аскерлерине “Пищевик” артелинин жумушчулары нан бышырып, аны таразага тартып жаткан учуру. Фрунзе шаары. 1943-жылы. Сүрөттүн автору Б. Блюмен. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргыз ССРинин колхоз менен совхоздору кан майданга 4,5 миллион нан, 2,7 миллион пуд картошка менен жашылча, 2,8 миллион пуд эт жөнөткөн.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКан майдандагы басмаканада “Кызыл атчандар “гезитинин чыгып жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
1941-жылы Кыргызстанда 107, 108, 109-дивизиялары жана 10-гвардиялык атчандар полку куралган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
8/23
Кан майдандагы басмаканада “Кызыл атчандар “гезитинин чыгып жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
1941-жылы Кыргызстанда 107, 108, 109-дивизиялары жана 10-гвардиялык атчандар полку куралган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРСоветтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун энеси Бөжөк уулунун курман болгону тууралуу суук кабарды угуп жаткан учуру. Репродукция. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кан майданга аттанган кыргызстандык жоокерлердин жакындары “кара кагаз” келбесе экен деп убайым тартышчу.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
9/23
Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун энеси Бөжөк уулунун курман болгону тууралуу суук кабарды угуп жаткан учуру. Репродукция. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кан майданга аттанган кыргызстандык жоокерлердин жакындары “кара кагаз” келбесе экен деп убайым тартышчу.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРКыргыз ССРнин өкүлү М. Догдуров (ортосунда) Челябинск шаарында жайгашкан трактор заводунда кыргызстандык эмгекчилери каржылаган “Советтик Кыргызстан” танкалык колоннасын фронтовиктерге өткөрүп берүүдө. Сүрөттүн автору М.Харченко. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
Кыргызстандыктар танк менен аскердик учактарды жасоо үчүн Кызыл армиянын фондуна 141,5 миллион рубль которгон.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
10/23
Кыргыз ССРнин өкүлү М. Догдуров (ортосунда) Челябинск шаарында жайгашкан трактор заводунда кыргызстандык эмгекчилери каржылаган “Советтик Кыргызстан” танкалык колоннасын фронтовиктерге өткөрүп берүүдө. Сүрөттүн автору М.Харченко. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кино фотодокументтеринин архиви.
Кыргызстандыктар танк менен аскердик учактарды жасоо үчүн Кызыл армиянын фондуна 141,5 миллион рубль которгон.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / И. А. НарциссКыргыз СССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин аскер бөлүмүнүн жетекчиси Авас Умаралиев (ортодо генерал-майор Иван Чистяков) 2-гвардиялык аткычтар корпусунун жоокери менен таанышып жаткан учур. Фронттун алдыңкы сызыгы. Сүрөттүн автору И. А. Нарциссов. Холм шаары. 1942-жылы, май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Буга чейин бул атактуу кол башчы генерал Чистяков 8-Панфилов гвардиялык аткычтар дивизиясынын командири болчу. 1944-жылы Беларуста Иван Михайловичтин колбашчылык таланты өзгөчө ачылган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
11/23
Кыргыз СССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин аскер бөлүмүнүн жетекчиси Авас Умаралиев (ортодо генерал-майор Иван Чистяков) 2-гвардиялык аткычтар корпусунун жоокери менен таанышып жаткан учур. Фронттун алдыңкы сызыгы. Сүрөттүн автору И. А. Нарциссов. Холм шаары. 1942-жылы, май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Буга чейин бул атактуу кол башчы генерал Чистяков 8-Панфилов гвардиялык аткычтар дивизиясынын командири болчу. 1944-жылы Беларуста Иван Михайловичтин колбашчылык таланты өзгөчө ачылган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРПанфиловчулар Кыргызстандан келген алманы жеп жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргызстан кан майданга 94,4 консерваланган эт банкасын, 117 миң тонна шекер, 839 миң тонна нан жөнөткөн.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
12/23
Панфиловчулар Кыргызстандан келген алманы жеп жаткан учуру. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Кыргызстан кан майданга 94,4 консерваланган эт банкасын, 117 миң тонна шекер, 839 миң тонна нан жөнөткөн.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын жоокерлери Ашырбай Коёнкөзов (сол жактан биринчи жакта) жана Ахмеджан Султаналиев (ортодо) Кыргызстандын чыгармачыл инсандары менен жолугушуу учурунда. Фрунзе. 1942-жыл, июнь. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы декабрь айынын аягында Султаналиев менен Коёнкөзов Ленинград облусунда баатырларча курман болушкан.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
13/23
8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын жоокерлери Ашырбай Коёнкөзов (сол жактан биринчи жакта) жана Ахмеджан Султаналиев (ортодо) Кыргызстандын чыгармачыл инсандары менен жолугушуу учурунда. Фрунзе. 1942-жыл, июнь. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы декабрь айынын аягында Султаналиев менен Коёнкөзов Ленинград облусунда баатырларча курман болушкан.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРЗамбирекчилер Орел жана Курск догосунда салгылашууга даярданып жаткан учуру. Орел-Курск догосу. 1943-жыл, июль. Репродукция. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы 5-июлда Курск догосунда Кызыл армия менен вермахтын ортосунда башталган салгылаш кырк тогуз күнгө созулган. Ошондон кийин фашисттик Германия чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
14/23
Замбирекчилер Орел жана Курск догосунда салгылашууга даярданып жаткан учуру. Орел-Курск догосу. 1943-жыл, июль. Репродукция. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1943-жылы 5-июлда Курск догосунда Кызыл армия менен вермахтын ортосунда башталган салгылаш кырк тогуз күнгө созулган. Ошондон кийин фашисттик Германия чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРФронтко концерт коюу үчүн түзүлгөн Кыргыз филармониясы, Орус драма театрынын бригадасы артист, акын жана фронтовик Көпбай Күмүшалиев менен жолугушуусу. Репродукция. 1944-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Күмүшалиев Кыргыз драма театрынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал артист катары согуштан бошотулганына карабастан 1942-жылы кан майданга аттанган. Лейтенант наамын алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
15/23
Фронтко концерт коюу үчүн түзүлгөн Кыргыз филармониясы, Орус драма театрынын бригадасы артист, акын жана фронтовик Көпбай Күмүшалиев менен жолугушуусу. Репродукция. 1944-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Күмүшалиев Кыргыз драма театрынын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал артист катары согуштан бошотулганына карабастан 1942-жылы кан майданга аттанган. Лейтенант наамын алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРЖазуучу Темиркул Үмөталиев полктоштору менен Венгрияны бошоткондон кийин. 1944-жыл. Венгрия. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
16/23
Жазуучу Темиркул Үмөталиев полктоштору менен Венгрияны бошоткондон кийин. 1944-жыл. Венгрия. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРСоветтер Союзунун Баатыры Рузи Азимов Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Михнат колхозунда жетимдер үйүнүн окуучулары жана кан майданда каза болгон жоокерлердин балдары менен сүйлөшүп жаткан учуру. 1945-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1944-жылы 23-июнда Азимов Беларустун Витебск аймагын фашисттик Германиядан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал чабуул маалында биринчилерден болуп фашисттердин траншеясына секирип кирип, бир топ гитлерчилерди жок кылган. 24-июнда бул эрдиги үчүн жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
17/23
Советтер Союзунун Баатыры Рузи Азимов Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Михнат колхозунда жетимдер үйүнүн окуучулары жана кан майданда каза болгон жоокерлердин балдары менен сүйлөшүп жаткан учуру. 1945-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1944-жылы 23-июнда Азимов Беларустун Витебск аймагын фашисттик Германиядан бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Ал чабуул маалында биринчилерден болуп фашисттердин траншеясына секирип кирип, бир топ гитлерчилерди жок кылган. 24-июнда бул эрдиги үчүн жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР79-аткычтар корпусунун курамындагы 207-аткычтар дивизиясынын жоокерлери (1941-жылы ноябрда бул аскердик бөлүк Фрунзе шаарындагы 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын негизинде түзүлгөн) Рейхстагдын жанында. Берлин. 1945-жыл, 2-май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылы октябрда Кыргызстанда 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын курамы курсанттар менен аскерге милдеттүлөрдөн куралган. Ноябрь айынын аягында ушул аскердик бөлүк кан майданга жөнөп, Москванын алдындагы айыгышкан салгылашууларга катышкан.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
18/23
79-аткычтар корпусунун курамындагы 207-аткычтар дивизиясынын жоокерлери (1941-жылы ноябрда бул аскердик бөлүк Фрунзе шаарындагы 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын негизинде түзүлгөн) Рейхстагдын жанында. Берлин. 1945-жыл, 2-май. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1941-жылы октябрда Кыргызстанда 40-өзүнчө аткычтар бригадасынын курамы курсанттар менен аскерге милдеттүлөрдөн куралган. Ноябрь айынын аягында ушул аскердик бөлүк кан майданга жөнөп, Москванын алдындагы айыгышкан салгылашууларга катышкан.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / ПетрийчукФашисттик Германиянын “Маутхаузен” концлагеринде туткундалган советтик жоокерлер Р.Помогалов менен В. Павленконун баарлашып жаткан учуру. Фрунзе. 1990-жыл. Сүрөттүн автору Петрийчук. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
РФтин Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, фашисттик Германиянын туткунуна 4 миллион 559 миң советтик жоокер түшкөн. Гитлерчилер ал туткундарды адам катары көрбөй, мазактап кордошкон, адам жасабаган нерсени кылышкан. Ошого карабастан алар фашисттик Германияга каршы күрөшкөн. Булардын ичинен СССРге 1 836 562 гана советтик жаран гана бошонуп кайткан.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
19/23
Фашисттик Германиянын “Маутхаузен” концлагеринде туткундалган советтик жоокерлер Р.Помогалов менен В. Павленконун баарлашып жаткан учуру. Фрунзе. 1990-жыл. Сүрөттүн автору Петрийчук. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
РФтин Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, фашисттик Германиянын туткунуна 4 миллион 559 миң советтик жоокер түшкөн. Гитлерчилер ал туткундарды адам катары көрбөй, мазактап кордошкон, адам жасабаган нерсени кылышкан. Ошого карабастан алар фашисттик Германияга каршы күрөшкөн. Булардын ичинен СССРге 1 836 562 гана советтик жаран гана бошонуп кайткан.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРПанфиловдун 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын жоокери Асипа Исмаилова жана полктошу (аты-жөнү белгисиз) тууга таазим кылып жаткан учур. Фрунзе. 1981-жыл. Сүрөттүн автору Михаил Шлафштейн. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1945-жылы 18-мартта Панфилов дивизиясы Латвиянын Курляндия аймагында вермахттын курчоосунда калган. 25-мартта фашисттер бул аскердик бөлүктү талкалаганга аракеттенген. Бирок алардын ою ишке ашкан жок. Панфиловчулар туруштук берип, чабуулдун мизин кайтарып, курчоодон чыгышкан. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
20/23
Панфиловдун 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын жоокери Асипа Исмаилова жана полктошу (аты-жөнү белгисиз) тууга таазим кылып жаткан учур. Фрунзе. 1981-жыл. Сүрөттүн автору Михаил Шлафштейн. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
1945-жылы 18-мартта Панфилов дивизиясы Латвиянын Курляндия аймагында вермахттын курчоосунда калган. 25-мартта фашисттер бул аскердик бөлүктү талкалаганга аракеттенген. Бирок алардын ою ишке ашкан жок. Панфиловчулар туруштук берип, чабуулдун мизин кайтарып, курчоодон чыгышкан. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КРПанфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 30-аткычтар полкунун снайпери Темирбай Гаипов үй-бүлөсү менен. Ош облусу, Баткен району, Рават совхозу. 1959-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Россиянын “Память народа” интернет-сайтынын маалыматына таянсак, 1944-жылы 16-18-мартта салгылаштын биринде Гаипов ротанын командиринин байланышчысы болуп, анын берген тапшырмаларын так аткарган. Ошол эле учурда мылтыгы менен 13 гитлерчини жок кылган. Анын ичинде бирөө офицер болчу. Жердешибиз бул салгылашта көрсөткөн каармандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
21/23
Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 30-аткычтар полкунун снайпери Темирбай Гаипов үй-бүлөсү менен. Ош облусу, Баткен району, Рават совхозу. 1959-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Россиянын “Память народа” интернет-сайтынын маалыматына таянсак, 1944-жылы 16-18-мартта салгылаштын биринде Гаипов ротанын командиринин байланышчысы болуп, анын берген тапшырмаларын так аткарган. Ошол эле учурда мылтыгы менен 13 гитлерчини жок кылган. Анын ичинде бирөө офицер болчу. Жердешибиз бул салгылашта көрсөткөн каармандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.
© Фото / Из личного архива Ильгизы Осмоновой“Даңк” орденинин толук III даражасынын кавалерлери Чынтемир Осмонов (сол жактан экинчи), Абдыкасым Карымшаков балдары менен. 1981-жыл, жай. Түп району, Күрмөнтү айылы. Илгиз Осмоновдун жеке архивинен.
Бул ордендин толук III даражасы менен согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 2 656 гана жоокер сыйланган. Анын арасында төрт аял бар.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
22/23
“Даңк” орденинин толук III даражасынын кавалерлери Чынтемир Осмонов (сол жактан экинчи), Абдыкасым Карымшаков балдары менен. 1981-жыл, жай. Түп району, Күрмөнтү айылы. Илгиз Осмоновдун жеке архивинен.
Бул ордендин толук III даражасы менен согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 2 656 гана жоокер сыйланган. Анын арасында төрт аял бар.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР150-аткычтар бригадасынын катардагы аскери (оң жактан биринчи) Т.Мусурманкулов. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан
23/23
150-аткычтар бригадасынын катардагы аскери (оң жактан биринчи) Т.Мусурманкулов. 1942-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтеринин архиви.
Жаңылыктар түрмөгү
0