00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министрлер кабинетинин курамын парламент эмнеге караган жок. Түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Кийинки парламент шайланып келгенге жана жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин Улукбек Марипов жетектеген азыркы министрлер кабинети өз милдетин аткарары айтылган.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Конституцияга өзгөртүү киргизген мыйзамга ылайык, министрлер кабинетинин (МК) курамын түзгөнгө чейин президент жарлыктын негизинде убактылуу министрлер кабинетинин курамын түзө алат. Бул мыйзамдын ченеминде (4-берене) Жогорку Кеңештин макулдугун алуу каралган эмес.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?
11-апрелдеги референдумда эл сегиз беренеден турган мыйзамга добуш берди. Аталган мыйзамдын 1-беренесинде Конституциянын тексти берилген. Мыйзамдын 2-8-беренелери (өткөөл жоболор) бийлик институттарынын мурастоочулугун жана коомдун туруктуулугун, Конституциянын күчүнө киришин камсыз кылган ченемдерди жөнгө салат.
"Конституциянын тексти (мыйзамдын 1-беренеси) менен өткөөл жоболорун (мыйзамдын 2-8-беренелери) бир бүтүндүктө түшүнүп, колдонуу керек. Ошол эле учурда, Баш мыйзам жана мыйзам боюнча министрлер кабинетин түзүүдө ар кандай жол-жоболор каралган. Мыйзамдын 4-беренесине ылайык (өткөөл жоболор), жаңы Конституция күчүнө киргендигине байланыштуу өкмөт отставкага кетти деп эсептелинет. Ошону менен бирге, өкмөт тарабынан ыйгарым укуктарды аткарууну улантуу каралбагандыктан, министрлер кабинетинин курамын токтоосуз түзүү талап кылынган", — деп айтылат анда.
Таратылган маалыматта, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындаганда президент Садыр Жапаров алардын талапкерлигин эмнеге парламентке алып келбегендигине түшүндүрмө берилген.
Бишкектеги өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Көбү ордунда калды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн тизмеси
"Аталган мыйзамдын редакциясындагы Конституцияга ылайык, министрлер кабинетинин курамын түзгөнгө чейин президент жарлыктын негизинде убактылуу курамын түзө алат жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин дайындай алат. Ошол эле учурда, бул мыйзамдын ченеминде (4-берене) Жогорку Кеңештин макулдугун алуусу каралган эмес. Мыйзамдын өткөөл жоболорунда президентке убактылуу министрлер кабинетин өз алдынча түзүү укугу берилген", — деп айтылган.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы шайланып (кийинки парламент) келип, жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин Улукбек Марипов жетектеген азыркы министрлер кабинети жаңы Баш мыйзамдын эрежелерине ылайык өз милдетин аткарары айтылган.
"Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндөгү жарлыктарында президентке "убактылуу" деген терминди колдонуу талап кылынбайт", — деп айтылат маалыматта.
Түшүндүрмөдө буга мыйзамдын "убактылуу түзүү" жөнүндө көрсөтүлгөн 4-беренеси жол берет деп негиздеген.
Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Анын алкагында кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0