Баткендеги кандуу жаңжалда мектебин кайтарган Гапыр агай: ал учурду эстөө оор

© Фото / предоставлено Гапыром МадаминовымБаткен облусунун Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов
Баткен облусунун Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Баткен облусунун Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору, КРдин эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовду социалдык тармакта "азыркынын Дүйшөнү", "кыргыздын Макаренкосу" деп аташууда.
Баткенде болуп өткөн кандуу жаңжалда Мадаминовдун Лейлек районундагы өзү иштеген 3-эксперименталдык гимназияны эки күн жалгыз кайтарганы тууралуу маалымат тараган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окутуучу менен байланышып, кабар алды.
— Тажикстан тараптан куралдуу кол салуу болгондо эки күн мектебиңизди кайтарып жатканыңызды уктук эле. Окуя кандайча болду?
— Мектепти кайтаруу — бул жөнөкөй эле нерсе. Эң башкысы, кудай элибизге тынччылык берсин. Өтө кооптуу иштер болуп кетти. Биз Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылында жашайбыз. Тажиктерге өтө жакын аймак. Алгач куралдуу кол салуу башталганда эле аялдарды жана балдарды тоого жөнөтүп, айылда анча-мынча эркектер калган. Мында калган балдарга дем-күч берейин деп мектепти кайтарып турдум. Кудайга шүгүр, көпчүлүктүн тилеги орундалып, жетекчилерибиздин сүйлөшүүлөрү аркылуу согуш токтоп калды. Ошондон бери азыр балдарды кабыл алууга даярданып отурабыз. Ушу тапта окуучуларыбыз ата-энелери менен биргеликте алыскы тоолуу аймактардан кайтып келишүүдө. Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин Баткенге, анын ичинде Лейлекке да келип кабар алып кеткенине абдан кубанып калдым. Эң көп жабыр тарткан Максат айылы болду. Азыр бизге Кыргызстандын жети облусунан жардам берип жатышат. Баарына ыраазыбыз. Социалдык тармакта республика боюнча мугалимдердин тайпалары бар. Алар да чалып, тынчсызданганын билдиришүүдө. Ушул татаал күндөрү кыргыз эли биримдигин жана ак ниет эл экендигин көрсөттү.
© Фото / предоставлено Гапыром МадаминовымЛейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов (сол жакта)
Директор 3-й экспериментальной гимназии Лейлекского района Гапыр Мадаминов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов (сол жакта)
— Баткенге тажиктер киргенин кандайча уктуңуз?
— Биз алгач интернеттен жана телевидениеден уктук. Бирок ошондо эле айылыбызга алыстан ок атышуулар, мылтыктын үнү угула баштады. Анан чек ара тараптан автоматтын үнү тынбай угулуп жатты. Кудай сактасын, эстегиң да келбейт...
— Чек арадагы кол салуу башталганда эле айылдагы аялдарды, бала-чаканы качырган турбайсыздарбы?
— Жаңжал башталганда эле камылга көрүлгөн. Айылдагы унаасы барлар жана жергиликтүү бийлик балдарды коопсуз аймакка алып чыгып кетүү үчүн тынбастан эмгек кылышты. Кудайга шүгүр, Лейлектен эвакуцияланган айыл тургундарын Маргун, Дархун, Даргас, Сүлүктү, Кара-Булак, Исфананын жашоочулары үйүн, тамак-ашын даярдап тосуп алышты.
© Фото / предоставлено Гапыром МадаминовымГапыр Мадаминов: ушул татаал күндөрү кыргыз эли биримдигин жана ак ниет эл экендигин көрсөттү
Директор 3-й экспериментальной гимназии Лейлекского района Гапыр Мадаминов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Гапыр Мадаминов: ушул татаал күндөрү кыргыз эли биримдигин жана ак ниет эл экендигин көрсөттү
— Сизде мектебиңизди, андагы чогулткан эмгектериңизди өрттөп кетишпесин деген чоң кооптонуу болгон экен да...
— Ооба, класстарга кирсең баары бош турат... Чек ара тараптан ок атылып, автоматтын үндөрү тынбай угулуп жатты да. Бирок кудай деп жалынып отурдук. Эми азыр баары өтүп кетти. Чынында бардык окуяларды эстеп, ошондогу абалды айтып берүү деле кыйын.
— Сиздердин эч кимиңерде курал болгон жок да?
— Жок, эч кимге курал берилген эмес. Чагымчылдык болуп кетпеши үчүн муну туура жасалган кадам деп эсептейм. Эгер атышсак, дагы да коркунучтуу иштер болуп кетмек. Ошол себептен тынч жол менен чечилгени жакшы болду. Мен бир нерсени айтып койгум келет, тажиктердин баарын жаман деп айтууга болбойт. Алардын арасында да бузукулар бар. Тажиктердин арасындагы ою бузук топтор карапайым калкты жабырлантты. Ушу күндөр аралыгында элибиз дыйканчылык кылып, мал багып, өз оокатын өткөргөн тынч күндөрдүн баркын ушунчалык билди.
© Фото / предоставлено Гапыром МадаминовымКандуу окуядан кийин Гапыр Мадаминов менен министр Алмаз Бейшеналиев менен көрүшүүсү
Директор 3-й экспериментальной гимназии Лейлекского района Гапыр Мадаминов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кандуу окуядан кийин Гапыр Мадаминов менен министр Алмаз Бейшеналиев менен көрүшүүсү
— Сизди социалдык тармакта "азыркынын Дүйшөнү", "мектебин абдан жакшы көргөн адам" деп жазып жатышат. Өзүңүз салган мектебиңиз тууралуу айтып берсеңиз?
— Мен негизи ортодон төмөнкү эле мугалиммин. Мактана турган деле ишим жок. Ушул билим уясын 1996-жылы Ошко улам каттап жүрүп, совхоздун бош калган конторасына өзгөчө эксперименталдык мектеп катары ачкам. 1993-жылы куруу иштери башталып, 1996-жылы аяктаганбыз. Ал кезде абдан кыйын кезең эле. Мугалимдердин маянасы айлап кечигип калчу.
Ачылгандан бери окуу процессине "Эне мектеби", "Акыл өрүшү — кругозор" аттуу төрт-беш автордук жаңы сабактарды киргизип, ошол аркылуу балдарга билим берип келе жатабыз. Биздин мектеп чакан, болгону 180-200 бала окуйт. Бирок жыл сайын жогорку окуу жайына тапшыргандардын көбү Кыргызстандагы окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө өтүп, алды эл аралык окуу жайларда билим алышууда. Бүгүнкү күндө 75 окуучубуз КММАда бюджетте окуйт. Бул чоң жетишкендик. Ошондой эле 65 окуучубуз Америка, Германия, Кытай өңдүү мамлекеттерде окуп жатат. Жалпы республикалык тестте орточо баллыбыз Кыргызстан боюнча 165-170 баллды түзөт. Республикалык олимпиадаларда балдарыбыз алдыңкы орундарды алышат, былтыр бир окуучубуз алтын сертификатка ээ болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0