Милиция: "Ош" аэропортунда тажик жараны сабалды деген маалымат жалган

© Sputnik / Табылды КадырбековМуштумдан калкаланып жаткан адам. Архив
Муштумдан калкаланып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Сырттан келген каттамдардын жүргүнчүлөрү алдын ала такталып, тажиктер учуп келсе милиция чек арага чейин узатып жатат.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Социалдык тармактарда чет жактан "Ош" аэропортуна учуп келген тажик жараны сабалды делген видео жалган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстанга тастыктады.
Анын айтымында, учурда чет жактардан келген каттамдардын жүргүнчүлөрү, өзгөчө Тажикстандын жарандары алдын ала такталууда.
"Сырттан келген авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү алдын ала такталууда. Эгерде тажик жарандары болсо, милиция кызматкерлери аларды учактан түшөрү менен атайын коштоонун астында чек арага чейин узатып коюп жатышат", — деди Сыдыков.

Баткендеги кандуу кагылыш

Душанбе башынан эле Головной Кыргызстандыкы деп билчү. Маанилүү фактылар. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Душанбе башынан эле "Головной" Кыргызстандыкы деп билчү. Маанилүү фактылар. Видео

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Натыйжада 36 кыргызстандык жаран көз жумуп, 200гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап, турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.

1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Азыркы маалда Баткенде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0