Запас түгөндү: мунай баррелине 74 долларга чыгары болжонууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота нефтяных станков - качалок
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Январдан тарта мунай 30 пайызга кымбаттап, баалар каатчылыктан мурдагы деңгээлине теңделип калды. Экономика калыбына келип жаткан убак. Чектөөлөр алынып, дүйнөдө жапырт эмдөө уюшулуп, кубаттуулуктарга талап өсүп, бул өз кезегинде баанын өйдөлөшүнө өбөлгө болууда.
Жыл аягына дейре Brent баррелинин наркы кеминде эле он пайызга көтөрүлүшү мүмкүн. Пандемия күч алып турганда сатуучуларды мунай сактоочу жайлардын ашкере толуп калышы түйшөлткөн болсо, азыр абал таптакыр башка. Көмүртек рыногундагы абал кандай нукта экенин РИА Новости сайтында төмөнкүчө чагылдырылган.

Кризиске чейинки деңгээл

2020-жылы мунай тармагы өйдө-ылдый абалга тушугуп турду. Ага бир катар факторлор таасир этип, атап айтсак, суроо-талаптын кескин түрдө кыскарышы, пандемия жана карантинден улам ашыкча өндүрүш себеп болгон. Былтыр март айында мунай эки эседен ашуун арзандап, баррелине 30 долларга чейин түшкөн.
Май куйуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Россия бензин баасын тизгиндейт. ЕАЭБде мунайдын кымбаттоосу токтойбу?
Бирок күз аяктап калган тушта батыш вакциналарынын сыноодон ийгиликтүү өтүшү жана АКШдагы президенттик шайлоодо Жо Байдендин утуп чыгышы менен рынок өрүш алды. Январда баалар сегиз ай ичинде максимумга жеткен. Бул мунай казууну чектөө боюнча ОПЕК+ келишиминин кезектеги чечимдери менен уланды. Февралда Brent баррелине 65 долларга, тагыраак, каатчылыкка чейинки көрсөткүчүнө жетти.
Март айында мунай баасы тогуз пайызга, 61 долларга чейин төмөндөдү. Анткени Европада ковиддин үчүнчү толкуну жана карантин жарыяланды. Бирок жалпы абалга бул таасир эткен жок, европалык чектөөлөрдөн өтүп, баалар кайрадан жогорулап турган чак.

Суроо-талап күч алып...

Эмдөө жолго коюлганы жакшы натыйжа берген өңдүү. Бир катар мамлекеттерде коронавирус күч алганына карабастан мунайга болгон суроо-талап божомолдору кыйла жакшырып барат. Дүйнөлүк экономика калыбына келип жаткан чагы.
Мунай платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
ЖМК: дүйнө жүзү боюнча кампаларда топтолгон мунай запасы түгөндү
Марттын аягында Эл аралык энергетикалык агенттик быйыл суроо-талап суткасына 96,5 миллион баррелге чейин көбөйөрүн, былтыркы пандемиялык жоготуулардын 60 пайыздын тегерегиндеги жоготууларын толуктай турганын жоромолдогон. АКШда мунай казуунун кескин кыскарышы жана ОПЕК+ келишиминин алкагында Сауд Аравиясындагы ыктыярдуу чектөөлөрдөн соң глобалдык жабдуу күнүнө эки миллион баррелге кыскарды.
Апрелде картель мунай алууну 7,9 миллион баррелге, май айында — 7,3, июнда — 6,6, июлда — 5,76 баррелге кыскартууда. Мунун баары сырьенун кымбатташына себеп болгон.

Запастар түгөндү

Пандемия убагында топтолгон запастардын дээрлик түгөнүп калышы да буга кошумча фактор. Өнүккөн өлкөлөрдөгү мунай сактоочу жайларда "пандемиядагы артыкбаш" мунайдын 20 пайыздан бир аз ашыгыраагы гана калды. Былтыр июлда 249 миллион баррель болсо, февралда Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалымат боюнча 57 миллиону гана калган. Бул ОПЕК+ келишиминин катышуучулары тарабынан мунай казуунун кыскарышынын натыйжасы. Аталган агенттиктин маалыматына таянсак, "пандемиялык запастардын" калдыктары дээрдик бүт бойдон Кытайга топтоштурулган. Ал эми, маселен, америкалык мунай сактоочу жайларда көлөм каатчылыкка чейинкидей — 1,28 миллиард. Танкерлерде резервдик сырье улам азайып барат. IHS Markit талдоочуларынын баамында соңку эки аптада бул көрсөткүч 27%га – 50,7 миллион баррелге түштү.

Мунайдын эң кымбат маалы

Февралда эле JP Morgan талдоочулары мунайдын баасы кымбаттай турган убак (суперцикл) башталганын айтышкан. Ири инвестициялык банктардын биринин экономисттери айыл чарба өндүрүмдөрүнүн, металлдын баасы өсүп, мунайдын 50 доллардан өйдө көтөрүлүшү өңдүү белгилерди атаган.
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Россияга өтө кымбат мунай пайдалуу эмес. Абалга сереп
Товардык-сырьелук рынокто акыркы жүз жыл ичинде төрт суперцикл болгон. Соңкусу 1996-жылы башталып, 12 жылдык өсүштөн кийин эң жогорку чеги 2008-жылга туура келген. Кытайдын экономикалык өсүшү буга түрткү болгон. Бул держава дүйнөдө көмүртекти негизги колдонуучу болуп саналат эмеспи. Азыркысы пандемиядан кийинки калыбына келүү, өтө жумшак акча-насыялык жана бюджеттик саясат (минималдык чендер ар кыл өлкөлөрдүн борбордук банктарынын бюджеттик стимулдары), чабал доллар, инфляциянын тездеши жана экологиялык чаралар менен шартталган.
Ошол эле убакта жагдай эки миңинчи жылдардын ортосундагы абалга үндөш, тагыраак, сырьелук рыноктордогу баалар көп жылдык максимумда. Мисалга, Кытай жүгөрү, сояны өтө көп запастап алгандан кийин АКШда ушул айыл чарба өндүрүмдөрүнүн баасы рекорд коет. Ал эми глобалдык кордун азайып баратышы таңсыктык жаралып кетпес бекен деген кооптонууну да туудурат. Мунай жаатында ал пандемиянын терең каатчылыгынан ишенимүү чыгууну чагылдырат, анткени сунуштун глобалдык ашыкчалыгы азайып барарын белгилейт JP Morgan. Ушул гана тургай, Goldman Sachs Group, Bank of America, Ospraie Management өңдүү борборлордогулар да товардык рыноктогу баалардын өсүшүн болжошууда. Атап айтканда, Brent үчүн Goldman Sachs төртүнчү кварталда 65 долларга чыгарын жоромолдойт. Бирок эмитен эле 67 долларды түздү. Ошондуктан ашыкча мунай корунун түгөнүшү эске алынгандыктан ушул таптагы божомолдор көңүл жубатарлык.
Citigroup суроо-талаптын жогорулашына жараша сырьенун дүйнөлүк запасы суткасына 2,2 миллион баррелге кыскарарын белгилейт. Натыйжада Brent үлгүсү быйыл 74 долларга чейин көтөрүлүп же андан да кымбатташы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0