Бүгүн Душанбеде ЖККУ Коопсуздук кеңешинин төрагалары жолукту. Сүрөт

© Фото / пресс-служба президента РТДушанбедеги ЖККУ Коопсуздук кеңешинин төрагалары жолугушу
Душанбедеги ЖККУ Коопсуздук кеңешинин төрагалары жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Жыйындын катышуучулары түшкөн сүрөттөн Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди көрүүгө болот.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бүгүн, 29-апрелде, Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин жыйыны болду. Бул тууралуу ЖККУ сайтында айтылды.
© Фото / сайт ОДКБУчастники заседания Комитета секретарей советов безопасности ОДКБ в Душанбе (Таджикистан). 29 апреля 2021 года
Заседание Комитета секретарей советов безопасности ОДКБ  в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
1/2
© Фото / пресс-служба президента РТВ Душанбе прошло заседание министров обороны государств ОДКБ. 27 апреля 2021 года
Заседание министров обороны государств ОДКБ в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
2/2
1/2
2/2
Катышуучулар түшкөн сүрөттөн Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди көрүүгө болот. Ошондой эле жыйын алдында ЖККУ Коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин төрагасы, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алганы айтылат.
"Жыйындын катышуучулары коопсуздук, коркунучтарга жана мыйзамсыз чакырыктарга каршы туруу боюнча талкуулашты", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле 27-апрель күнү Душанбеде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өткөн. Анда дагы Рахмон министрлердин катарында Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен жолуккан.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Премьер-министр Улукбек Марипов Татарстандын Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Марипов Татарстанда Мишустин менен жолукту
Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 17 кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат, дагы бири көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0