Жусуп Мамай, Айтматов, Баекова, Жакиев. "Манас" мааракесинен таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, улуу манасчы Жусуп Мамай, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова жана жазуучу Бексултан Жакиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы Кыргызстанда "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленип, Бексултан Жакиев иш-чараны өткөрүү жана даярдоо боюнча мамлекеттик дирекциянын көркөм жетекчиси болуп, Болот Шамшиев режиссердук милдетти аркалаган.

Эл аралык деңгээлдеги салтанатты уюштурууга катышып калган академик Абдылдажан Акматалиев ошол кезеңди мындайча эскерди.

"Кыргызстанда ал мааракени өткөрүү демилгеси 1992-жылы Улуттук илимдер академиясынын Манас бөлүмүнүн окумуштуулары тарабынан көтөрүлгөн. Февраль айында бизге президент Аскар Акаев жылдык жыйыныбызга келип катышкан. Ошондо мен Калыгул, Молдо Кылыч өңдүү тарыхый инсандар жакшы изилденбей калганын айтып, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөнү сунуштагам. Анткени бул идея Союз учурунда эле бир нече жолу көтөрүлгөн. Убакыт өткөндөн кийин өлкө башчысы биздин сөздү угуп, уюштуруу комитети түзүлгөн. Анын курамына өкмөт башчы Апас Жумагулов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, драматург Бексултан Жакиев, режиссерлор Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев кирген. Чындыгында анда кыргыз элинин каймактары, интеллигенциясы чогулган. Чет өлкөдөн 100дөн ашык илимпоз келип, "Манас" эпосу боюнча көп эмгектер жарык көргөн, илимий конференция, симпозиумдар уюштурулган", — деди Акматалиев.

Ал эми сүрөттөгү Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамай сыйлуу конок катары Кытайдан атайын чакыртылган. Көзү тирүү кезинде Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев аталган иш-чара тууралуу буларды айткан эле.

Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Согуштун балдары. Океев, Жакиев жана Байжиевдин таберик сүрөтү
"Таласта өткөн спектаклдин сценарийин жазып, көркөм жетекчиси болуп бардык ишине катыштым. Мен ал кызматка келгенге чейин жогору жактагылар эки жумалык программаны бекитип коюшуптур. Мен "бул убакыт аралыгында коноктор гана эмес, биз дагы бири-бирибизди көргүбүз келбей калат" деп айтып, беш күндүк программа түзгөм. Ага ылайык, маараке 25-августта борбор калаада расмий ачылып, 29-августта Таластагы театралдаштырылган спектакль менен жыйынтыкталган. Аны Таласта эмес, Ысык-Көлдө, Баткенде, Суусамырда өткөрөбүз деп да чыгышкан. Биз Кароол чокунун жанында өткөрөбүз деп чечим кабыл алганбыз. Ачык асман алдында, ээн талаада театралдаштырылган программа өтүп, ал жакка каскадер, актер, студенттер, жергиликтүү тургундар, өлкөдөгү бүт маданият кызматкерлери барган", — деген Жакиев.

Эске сала кетсек, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына даярдануу үч жылга созулуп, ири салтанатты уюштуруу вазийпасы кыргыз интеллигенциясына жүктөлгөн. Аны көрүүгө Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжандын башчылары, 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү келишкен.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0