00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда дары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө уруксат берилди — жаңы мыйзам кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын мектептеринде балдар жана ата-энелер үчүн туура тамактануу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамкаттоо жарандарга берилген ашыкча ПИНди кароо мөөнөтүн кыскартты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМамлекеттик каттоо кызматынын ишкери
Мамлекеттик каттоо кызматынын ишкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Буга чейин соцтармактарда жарандар паспорт алууда ПИН көйгөйү жаралганын айтып нааразы болушкан. Алар документинин мөөнөтү аяктап алмаштырарда маалыматтык базадан бир адамга эки же андан ашык ПИН ыйгарылып калганы белгилүү болгон.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жарандарга туура эмес берилген персоналдык идентификациялык номерлерди (ПИН) оңдоо боюнча арыздарды кароо мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындан ары ПИН боюнча арыздар бир күндөн үч күнгө чейинки убакыт аралыгында каралып, кызмат бекер көрсөтүлөт.
Персоналдык идентификациялык номер баланын туулгандыгы тууралуу каттоо болуп жаткан учурда берилет.
Жалпы жарандык паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Негиздеме талап кылынбайт! Жалпы жарандык паспорт берүүгө чектөө алынды
Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарда жарандар паспорт алууда ПИН көйгөйү жаралганын айтып нааразы болушкан. Документинин мөөнөтү аяктап алмаштырарда маалыматтык базадан бир адамга эки же андан ашык ПИН ыйгарылып калганы белгилүү болгон. Ашыкча ПИНдерди өчүртүүгө бир айга жакын убакыт кеткен. Бул аралыкта жарандар паспортун ала албай убара тартышкан.
Мамлекеттик каттоо кызматы бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калган учурларга төмөнкүчө түшүндүрмө берген.
"Персоналдык идентификациялык номерлер жеке ишкерлерге 90-жылдары эле Салык кызматы тарабынан бериле баштаган. Андан кийин ПИНди берүү милдети Социалдык фондго жүктөлгөн. Себеби пенсия аларда ар бир адамдын бирдей жеке номери болсун деп аталган кызмат жалпы жарандарга берип баштаган. Ал мезгилде автоматташтырылган система жок болгондуктан, ПИН алууга адам өзү да, иштеген жери да кайрыла берип бир эле адамга эки-үч ПИН берилип кеткен", — деп айтылат Мамкаттоонун маалыматында.
ПИН берүү функциясы Каттоо кызматына 2016-жылдын 1-августунан тарта өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0