https://sputnik.kg/20210427/batysh-menen-pikiri-kelishpegen-rossiyanyn-kolunda-kozuru-kop-1052284466.html
Батыш менен пикири келишпеген Россиянын колунда көзүрү көбүрөөк. Эмне үчүн?
Батыш менен пикири келишпеген Россиянын колунда көзүрү көбүрөөк. Эмне үчүн?
Sputnik Кыргызстан
Россия менен Батыштын ортосундагы чыңалуу жакында жанчудай эмес. Өзгөчө Батыш Европанын алаңгазарлыгы абалды курчутуп жатканы айгине болуп турат. 27.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-27T19:50+0600
2021-04-27T19:50+0600
2021-12-16T22:30+0600
саясат
дүйнөдө
россия
батыш
америка
европа
мамиле
карта
басым
санкциялар
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1b/1052282136_0:399:2918:2040_1920x0_80_0_0_7ac91b4c15ba6f6dd1987aee5c5cbe88.jpg
Чехия, Латвия, Литва өлкөдөн россиялык дипломаттарды чыгарып жиберди: анын артынан эле Польша Вышеград тайпасын "россиялык маселе боюнча" онлайн-жыйынга чогулта калып, ага мүчө мамлекеттер Чехияны колдогон декларация кабыл алып жиберишти; Румыния Россиянын аскер атташесинин жардамчысын нон-грата персонасы деп жарыялай салды; Италия Москванын жооп иретинде дипломатын чыгарып жибергенине таарынып отурса, Улуу Британия санкциялык тизмесин дагы 14 россиялык менен толуктады. Бул болуп кеткен окуялардын толук тизмеси эмес. Эки жээктин алакасы боюнча эл аралык баяндамачы Ирина Алкснис ой толгогон.Россия деле кем калышкан жок. Чехияны эл аралык мамилелердин нормасын бузду деп шектенген тышкы иштер министри Сергей Лавров бир топ эле "уулуу" билдирүү таратты. Мында кеп курал-жарак соодасы боюнча келишим тууралуу болуп жатат. Прага 2014-жылы Врбетицтеги курал-жарак кампасындагы жарылуу боюнча "адаштырган", "эмоционалдуу, түшүнүксүз" билдирүүлөрдү жасоодо.Атайын агент? Кайрабы?Болуп жаткан окуялар эки ача пикирге кептейт. Бир жагынан Россия бийлигинин позициясы 2010-жылдарга салыштырмалуу катаалдашканын байкабай калууга болбойт. Ал кезде Москванын "келгиле, ынтымакта жашайлы" деген жай баракат риторикасы көпчүлүктүн кыжырын келтирер эле. Бирок мында деле кылдан кыйкым тапкандар бар болчу. Андыктан Москванын азыркы катуу айтылган сөздөрү коомчулуктун колдоосуна ээ болууда.Анткен менен Россиянын өзүндө деле нааразы болгондор четтен чыгат. Булар үчүн Батыштын акылга сыйбаган билдирүүлөрүнөн улам диалог аттуунун дегеле кереги жоктой сезилип, Кремлдин азыркы катуулугу жетишсиз болуп жатат. Нааразы болгон тарапка Батыш акылына келгиче мамилени таптакыр үзүп салуу оң сыяктанат.Мындай позицияны да түшүнүүгө болот. Алмаштыргыс "атайын агенттер Петров менен Боширов" жана Кремль жапырт колдонгон "Новичок" тууралуу айтуудан тажабаган мамлекеттер менен эмне деп сүйлөшүүгө болот. Бул экөө Англияда Скрипалдарды уулантып, Чехиядагы кампаларды жардырып жетишкен имиш.Интернетте жүргөн талкууларда "Годвиндин мыйзамы" деген көрүнүш кездешет. Ага ылайык, атаандашын биринчи болуп улутчул же Гитлерге салыштырган адам утулат. Башкача айтканда, кишини улутчул деп, Гитлерге салыштырган тараптын башка келтире турган аргументи жок калганын айгинелейт.Саясатка да ушул көрүнүштү пайдаланса болчудай: дипломатиялык мамилени үзүү — тышкы саясаттагы акыркы ыкма, мындан ары кескин кадамдар жасалып, согуш оту тутанат. Мындайга барган өлкө күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын көрсөтөт.Ушул көз караштан алып караганда абал өтө эле кызык экенин көрүүгө болот.Россиянын узакка созулган оюнуБатыш Россияга басым жасоонун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бүттү. Маселенин өзөгү ушунда. Эми таптакыр акылга сыйбаган кадамдарга барууга аргасыз болуп турган чагы. Албетте, теорияда Москвага каршы колдонулчу бир катар ыкмалар бар, бирок батыштагылар үчүн аны жүзөгө ашыруу кыйла оор болуп калчудай.Буга SWIFT эл аралык төлөм системасынын айланасындагы кырдаал ачык мисал. Айрым күчтөр көптөн бери эле Россияны аталган системадан чыгарууга үндөп келет. Бул убакыт аралыгында Россия өзүнүн финансылык байланыш системасын негиздеди, натыйжада тутумдан чыгарылган күндө да кесепети анчалык оор болбой тургандай кылып койду. Бирок Москваны болгон-бүткөн кылмышка күнөөлөп келген Батыш өлкөнү SWIFT системасынан алигүнчө чыгара элек. Россиянын чыгарылышы менен кол жууй турган акчага ичи ачышып жаткан сыяктуу.Америка менен Европа 2014-жылы мамилеге так салып, колундагы көзүрлөр менен Россияга чабуул баштаганда эмнеси менен ойлонгон деген суроо туулат. Аң-дөңдү карабай жүргүзгөн саясаты, ажаан риторикасы, жүйөсүз айыптоолор... Батыш Россияга таасир этүүчү куралдын баарын пайдаланып бүтүп, баягы эле эски жол менен жүрүүгө аргасыз. Муну менен ого бетер күлкү келтирип, шылдыңга кабылууда.Ал эми Россиянын колунда инструменттин кыйла запасы бар. Бул өлкө жетекчилигинин картанын баарын бир маалда ачып салбай, оюнду узакка ойноого умтулушу менен байланыштуу экени талашсыз.Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.
https://sputnik.kg/20210427/rossiya-asker-kuchtoruno-zhumshagan-chygymy-1052277385.html
https://sputnik.kg/20210425/medvedev-rf-menen-akshnyn-alakasy-tuuraluu-1052260619.html
https://sputnik.kg/20210422/vladimir-putin-kajryluu-adisterdin-pikiri-1052217012.html
батыш
америка
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Ирина Алкснис
https://sputnik.kg/img/103868/94/1038689494_46:0:193:147_100x100_80_0_0_76ce586b05f7271d7712e1808703f1ae.jpg
Ирина Алкснис
https://sputnik.kg/img/103868/94/1038689494_46:0:193:147_100x100_80_0_0_76ce586b05f7271d7712e1808703f1ae.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1b/1052282136_0:0:2720:2040_1920x0_80_0_0_ed48db9a6c7da6cdd8decc66bc7bb391.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Ирина Алкснис
https://sputnik.kg/img/103868/94/1038689494_46:0:193:147_100x100_80_0_0_76ce586b05f7271d7712e1808703f1ae.jpg
саясат, дүйнөдө, россия, батыш, америка, европа, мамиле, карта, басым, санкциялар, колумнисттер
саясат, дүйнөдө, россия, батыш, америка, европа, мамиле, карта, басым, санкциялар, колумнисттер
Батыш менен пикири келишпеген Россиянын колунда көзүрү көбүрөөк. Эмне үчүн?
19:50 27.04.2021 (Жаңыртылды: 22:30 16.12.2021) Россия менен Батыштын ортосундагы чыңалуу жакында жанчудай эмес. Өзгөчө Батыш Европанын алаңгазарлыгы абалды курчутуп жатканы айгине болуп турат.
Чехия, Латвия, Литва өлкөдөн россиялык дипломаттарды чыгарып жиберди: анын артынан эле Польша Вышеград тайпасын "россиялык маселе боюнча" онлайн-жыйынга чогулта калып, ага мүчө мамлекеттер Чехияны колдогон декларация кабыл алып жиберишти; Румыния Россиянын аскер атташесинин жардамчысын нон-грата персонасы деп жарыялай салды; Италия Москванын жооп иретинде дипломатын чыгарып жибергенине таарынып отурса, Улуу Британия санкциялык тизмесин дагы 14 россиялык менен толуктады. Бул болуп кеткен окуялардын толук тизмеси эмес. Эки жээктин алакасы боюнча эл аралык баяндамачы Ирина Алкснис ой толгогон.
Россия деле кем калышкан жок. Чехияны эл аралык мамилелердин нормасын бузду деп шектенген тышкы иштер министри Сергей Лавров бир топ эле "уулуу" билдирүү таратты. Мында кеп курал-жарак соодасы боюнча келишим тууралуу болуп жатат. Прага 2014-жылы Врбетицтеги курал-жарак кампасындагы жарылуу боюнча "адаштырган", "эмоционалдуу, түшүнүксүз" билдирүүлөрдү жасоодо.
Болуп жаткан окуялар эки ача пикирге кептейт. Бир жагынан Россия бийлигинин позициясы 2010-жылдарга салыштырмалуу катаалдашканын байкабай калууга болбойт. Ал кезде Москванын "келгиле, ынтымакта жашайлы" деген жай баракат риторикасы көпчүлүктүн кыжырын келтирер эле. Бирок мында деле кылдан кыйкым тапкандар бар болчу. Андыктан Москванын азыркы катуу айтылган сөздөрү коомчулуктун колдоосуна ээ болууда.
Анткен менен Россиянын өзүндө деле нааразы болгондор четтен чыгат. Булар үчүн Батыштын акылга сыйбаган билдирүүлөрүнөн улам диалог аттуунун дегеле кереги жоктой сезилип, Кремлдин азыркы катуулугу жетишсиз болуп жатат. Нааразы болгон тарапка Батыш акылына келгиче мамилени таптакыр үзүп салуу оң сыяктанат.
Мындай позицияны да түшүнүүгө болот. Алмаштыргыс "атайын агенттер Петров менен Боширов" жана Кремль жапырт колдонгон "Новичок" тууралуу айтуудан тажабаган мамлекеттер менен эмне деп сүйлөшүүгө болот. Бул экөө Англияда Скрипалдарды уулантып, Чехиядагы кампаларды жардырып жетишкен имиш.
Интернетте жүргөн талкууларда "Годвиндин мыйзамы" деген көрүнүш кездешет. Ага ылайык, атаандашын биринчи болуп улутчул же Гитлерге салыштырган адам утулат. Башкача айтканда, кишини улутчул деп, Гитлерге салыштырган тараптын башка келтире турган аргументи жок калганын айгинелейт.
Саясатка да ушул көрүнүштү пайдаланса болчудай: дипломатиялык мамилени үзүү — тышкы саясаттагы акыркы ыкма, мындан ары кескин кадамдар жасалып, согуш оту тутанат. Мындайга барган өлкө күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын көрсөтөт.
Ушул көз караштан алып караганда абал өтө эле кызык экенин көрүүгө болот.
Россиянын узакка созулган оюну
Батыш Россияга басым жасоонун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бүттү. Маселенин өзөгү ушунда. Эми таптакыр акылга сыйбаган кадамдарга барууга аргасыз болуп турган чагы. Албетте, теорияда Москвага каршы колдонулчу бир катар ыкмалар бар, бирок батыштагылар үчүн аны жүзөгө ашыруу кыйла оор болуп калчудай.
Буга SWIFT эл аралык төлөм системасынын айланасындагы кырдаал ачык мисал. Айрым күчтөр көптөн бери эле Россияны аталган системадан чыгарууга үндөп келет. Бул убакыт аралыгында Россия өзүнүн финансылык байланыш системасын негиздеди, натыйжада тутумдан чыгарылган күндө да кесепети анчалык оор болбой тургандай кылып койду. Бирок Москваны болгон-бүткөн кылмышка күнөөлөп келген Батыш өлкөнү SWIFT системасынан алигүнчө чыгара элек. Россиянын чыгарылышы менен кол жууй турган акчага ичи ачышып жаткан сыяктуу.
Америка менен Европа 2014-жылы мамилеге так салып, колундагы көзүрлөр менен Россияга чабуул баштаганда эмнеси менен ойлонгон деген суроо туулат. Аң-дөңдү карабай жүргүзгөн саясаты, ажаан риторикасы, жүйөсүз айыптоолор... Батыш Россияга таасир этүүчү куралдын баарын пайдаланып бүтүп, баягы эле эски жол менен жүрүүгө аргасыз. Муну менен ого бетер күлкү келтирип, шылдыңга кабылууда.
Ал эми Россиянын колунда инструменттин кыйла запасы бар. Бул өлкө жетекчилигинин картанын баарын бир маалда ачып салбай, оюнду узакка ойноого умтулушу менен байланыштуу экени талашсыз.
Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.