https://sputnik.kg/20210426/askar-kakeev-kaza-boldu-1052261915.html
Мурдагы билим берүү министри, илимпоз Аскар Какеев көз жумду
Мурдагы билим берүү министри, илимпоз Аскар Какеев көз жумду
Sputnik Кыргызстан
Аскар Какеев президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин... 26.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-26T00:13+0600
2021-04-26T00:13+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
министр
каза болду
https://sputnik.kg/img/104659/52/1046595277_0:365:2866:1985_1920x0_80_0_0_baa9aee57b20f5a6e57db2c42182f668.jpg
БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Кабарды билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев тастыктады.Министр социалдык тармактагы баракчасына Какеевдин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.Илимпоз 1935-жылы Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993).1958–60-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Бир катар илимий институттарда иштеген. 1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104659/52/1046595277_0:246:2866:2048_1920x0_80_0_0_5a597a6b130ac1a142cbf1b3dc2aa857.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, министр, каза болду
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, министр, каза болду
Мурдагы билим берүү министри, илимпоз Аскар Какеев көз жумду
00:13 26.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Аскар Какеев президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Кабарды билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев тастыктады.
Министр социалдык тармактагы баракчасына Какеевдин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
"Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кезде билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Агайдын дүйнө салганын угуп кабыргабыз кайышып, кайгырып турабыз", — деп жазылган билдирүүдө.
Илимпоз 1935-жылы Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993).
1958–60-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Бир катар илимий институттарда иштеген. 1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.