https://sputnik.kg/20210424/baldary-oorugan-ehne-1052243912.html
Балдарымдын оорусуна чыдабай күйөөм таштап кетти. Күйүттүү эненин каты
Балдарымдын оорусуна чыдабай күйөөм таштап кетти. Күйүттүү эненин каты
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. 24.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-24T11:01+0600
2021-04-24T11:01+0600
2021-12-14T14:27+0600
коом
кыргызстан
психолог
келин
ден соолук
үй-бүлө
оору
бала
психолог менен баарлашуу
https://sputnik.kg/img/07e5/04/18/1052243921_0:884:2048:2042_1920x0_80_0_0_20ecc1c4a41888a7875fe538a99260f9.jpg
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу эки оорукчан баласынын кайгысынан бели майышып кыйналган келин кат жазган....Эне үчүн баланын ден соолугунан өткөн байлык жок экен. Балдарым оорубай, эл катары ойноп-күлүп жүрсө эмне деп ойлоном. Башка бардык кыйынчылыкты көтөрөр элем, бирок балдардын оорусун кабылдоо кыйын экен. Уулдарымдын абалын карап, келечегин ойлоп, ушул сыноону көтөрө албай майышып баратам.Өзүм 36 жаштамын. Улуу балам 10до, кичүүсү алты жашта. Эки балам тең тубаса неврологиялык жактан жабыркайт. Жолдошум балдардын оорусун билгенде, тагыраагы, экинчи балам төрөлгөндөн кийин эле таштап кеткен. Жарытылуу туугандарым да жок. Өзүм бир кичинекей бөлмөдө батирде турам. Балдарды чоңоюп кете электе дарылатуу керек эле, бирок ага да көп акча керек. Экөөнүн жанында дайыма бир киши болушу шарт. Ошол себептен да иштей албайм. Азыр эмне кылышымды билбей калдым. Ушуларды карап отуруп эле соолуп бараткандаймын. Кээде таң аткыча уктабай чыгам. Ойго батып отуруп, таңдын атканын да байкабай калам. Жадагалса эмне ичип, эмне жеп жатканымды да аңдабай калган учурум көп. Аябай стресстемин. Бирок ушунун баарына чекит коюуну максат кылдым, белди бекем бууп саздан суурулгум келет. Өзүмдү колго алышым зарыл. Анткени мен бир нерсе болсом, балдарымды ким карайт? Бирок кантип жана эмнеден баштоо керектигин билбейм. Психологиялык колдоого да абдан муктаж болсом керек...Психолог Айгүл Ысыкеева:— Мен өзүм Бишкектеги "Биринчи балдар хосписинде" иштейм. Мындай окуяларды көп көрдүм. Оорукчан балдар төрөлгөн үй-бүлөлөрдө көбүнчө аталар жоопкерчиликтен качып, кыйынчылыктан коркуп үй-бүлөсүн таштап кетишет. Акыры оор жүктүн баары апалардын мойнунда калат, баарын көтөрүүгө мажбур болот. Натыйжада энелер эмоционалдык жактан да аябай чарчашат. Себеби ооруган баланы багуу оңой эмес. Ал балдарга көңүл бөлүп, чүрпөсүнүн өнүгүүсүн колго алышы керек. Муну менен бирге үй оокатын жасап, акча таап келүү жагы да аялдын мойнунда. Эгер жакындары, туугандары тараптан да колдоо болуп, көйгөйдү кошо көтөрүшүп кете турган болсо, анда аялга жеңилирээк болмок. Бирок мындай көрүнүштөр, тилекке каршы, өтө аз. Мындай жашоо сөзсүз түрдө апаларды депрессияга кептейт. Стресске кабылган адамдын алы кетип, эч нерсеге кызыкпай, жактырбай, көңүлү чөгүп, баласын эмес өзүн да карай албай калат. Ой жүгүртүүсү да начарлап, учурдан чыгуу жолдорун да таба албай кыйналат.Бул келинге айтарым, туугандарга, коомчулукка, ар кандай уюмдарга кайрылып жардам издеш керек. Кол куушуруп отурууга болбойт. Биздин "Биринчи балдар хосписинде" социалдык, медициналык жана адамдын жеке өзүнө жардам берилет. Медициналык жардам көрсөтүүдө бир гана дарылоо иши эмес, алгач ушундай балдарга кантип туура кам көрүү керек деген маселе жатат.Балдардын документтерин алып, бизге кайрылып психологиялык жардам да алсаңыз болмок. Анткени алгач өзүңүз психологдон кеңеш алып, анан уулдарыңызга жардам беришиңиз керек. Балдардын ден соолугун эле карай бербестен, аларды коомго аралаштыруу жагы да маанилүү.
https://sputnik.kg/20210227/psihologgo-kelindin-katy-1051613676.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/18/1052243921_0:819:2048:2107_1920x0_80_0_0_8729e59f9c7c4c86163fe7792864a4bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, психолог, келин, ден соолук, үй-бүлө, оору, бала, психолог менен баарлашуу
коом, кыргызстан, психолог, келин, ден соолук, үй-бүлө, оору, бала, психолог менен баарлашуу
Балдарымдын оорусуна чыдабай күйөөм таштап кетти. Күйүттүү эненин каты
11:01 24.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу эки оорукчан баласынын кайгысынан бели майышып кыйналган келин кат жазган.
...Эне үчүн баланын ден соолугунан өткөн байлык жок экен. Балдарым оорубай, эл катары ойноп-күлүп жүрсө эмне деп ойлоном. Башка бардык кыйынчылыкты көтөрөр элем, бирок балдардын оорусун кабылдоо кыйын экен. Уулдарымдын абалын карап, келечегин ойлоп, ушул сыноону көтөрө албай майышып баратам.
Өзүм 36 жаштамын. Улуу балам 10до, кичүүсү алты жашта. Эки балам тең тубаса неврологиялык жактан жабыркайт. Жолдошум балдардын оорусун билгенде, тагыраагы, экинчи балам төрөлгөндөн кийин эле таштап кеткен. Жарытылуу туугандарым да жок. Өзүм бир кичинекей бөлмөдө батирде турам. Балдарды чоңоюп кете электе дарылатуу керек эле, бирок ага да көп акча керек. Экөөнүн жанында дайыма бир киши болушу шарт. Ошол себептен да иштей албайм. Азыр эмне кылышымды билбей калдым. Ушуларды карап отуруп эле соолуп бараткандаймын. Кээде таң аткыча уктабай чыгам. Ойго батып отуруп, таңдын атканын да байкабай калам. Жадагалса эмне ичип, эмне жеп жатканымды да аңдабай калган учурум көп. Аябай стресстемин. Бирок ушунун баарына чекит коюуну максат кылдым, белди бекем бууп саздан суурулгум келет. Өзүмдү колго алышым зарыл. Анткени мен бир нерсе болсом, балдарымды ким карайт? Бирок кантип жана эмнеден баштоо керектигин билбейм. Психологиялык колдоого да абдан муктаж болсом керек...
27 Бирдин айы 2021, 19:51
— Мен өзүм Бишкектеги "Биринчи балдар хосписинде" иштейм. Мындай окуяларды көп көрдүм. Оорукчан балдар төрөлгөн үй-бүлөлөрдө көбүнчө аталар жоопкерчиликтен качып, кыйынчылыктан коркуп үй-бүлөсүн таштап кетишет. Акыры оор жүктүн баары апалардын мойнунда калат, баарын көтөрүүгө мажбур болот. Натыйжада энелер эмоционалдык жактан да аябай чарчашат. Себеби ооруган баланы багуу оңой эмес. Ал балдарга көңүл бөлүп, чүрпөсүнүн өнүгүүсүн колго алышы керек. Муну менен бирге үй оокатын жасап, акча таап келүү жагы да аялдын мойнунда. Эгер жакындары, туугандары тараптан да колдоо болуп, көйгөйдү кошо көтөрүшүп кете турган болсо, анда аялга жеңилирээк болмок. Бирок мындай көрүнүштөр, тилекке каршы, өтө аз. Мындай жашоо сөзсүз түрдө апаларды депрессияга кептейт. Стресске кабылган адамдын алы кетип, эч нерсеге кызыкпай, жактырбай, көңүлү чөгүп, баласын эмес өзүн да карай албай калат. Ой жүгүртүүсү да начарлап, учурдан чыгуу жолдорун да таба албай кыйналат.
Бул келинге айтарым, туугандарга, коомчулукка, ар кандай уюмдарга кайрылып жардам издеш керек. Кол куушуруп отурууга болбойт. Биздин "Биринчи балдар хосписинде" социалдык, медициналык жана адамдын жеке өзүнө жардам берилет. Медициналык жардам көрсөтүүдө бир гана дарылоо иши эмес, алгач ушундай балдарга кантип туура кам көрүү керек деген маселе жатат.
Балдардын документтерин алып, бизге кайрылып психологиялык жардам да алсаңыз болмок. Анткени алгач өзүңүз психологдон кеңеш алып, анан уулдарыңызга жардам беришиңиз керек. Балдардын ден соолугун эле карай бербестен, аларды коомго аралаштыруу жагы да маанилүү.