00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Личный интерес
День отца в Кыргызстане: почему роль папы важна для будущего детей
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как работает завещание и можно ли его оспорить - мнение юриста
14:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Тиш саламаттыгы: балдарда кариес эмне үчүн көбөйүүдө жана кантип алдын алса болот?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Почему храп может быть опасным и что такое апноэ сна
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
“Маңыздуу ырлар жагат”. Ретро ырлар менен элге таанылган Аман Эсенбеков
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Зачем Кыргызстану кодекс о мореплавании, если у страны нет моря
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Иран-АКШ-Изралиь согушу: Мунай баасынын өсүшүнөн ким көп жабыркайт?
19:07
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как работает завещание и можно ли его оспорить - мнение юриста
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Тиш саламаттыгы: балдарда кариес эмне үчүн көбөйүүдө жана кантип алдын алса болот?
21:05
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кенеден кантип сактануу керектигин терапевт айтып берди

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКене. Архив
Кене. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Кыргызстандын түштүк аймактарында кене чагуу коркунучу мартта, апрелдин башында, түндүк аймактарда апрелдин ортосунда же майдын башында күч алат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кенеден сактаныш үчүн жазында тоого, токойго чыкканда ачык түстөгү кийим кийип, ачык жер калтырбаганга аракет кылуу керек. РИА Новости терапевт Николай Долдонун кеңештерине таянып коопсуздук чараларын жазды.
"Андан сырткары, багелекти байпакка киргизип алуу зарыл. Ачык кийимдин жеңдери бүйрүлүп, моюнду коргоп турган капюшон болгону жакшы. Мүмкүн болсо кенеге каршы чыгарылган аэрозоль-чачкычтарды ала жүргөн пайдалуу", — деген дарыгер.
Киши жаратылышка чыкканда ар бир 15 мүнөттө кийимдери менен денесине көз салып турушу шарт. Тагыраагы, колтукту, моюнду, кулактын артын, чурай жактарды карап койгон оң. Үйгө келгенден кийин чечинип алып денени жана кийимди дагы бир ирет тыкыр текшерип чыгыш керек.
Кенеден сактануунун жолдору
"Кененин уусунан коргонуш үчүн эмдөө алса болот. Тилекке каршы, кене баары бир жабышып калса, дарыгерге кайрылган жакшы же өтө абайлап алуу зарыл. Киши андан өз алдынча кутулам десе, чукул кыймылдарды жасабай жана кененин өзүн бекем баспай, кылдаттык менен сууруп алганы туура болот. Андан соң чаккан жерге спирт же йод сүрүп койгула", — деген Долдо.
Дарыгер кенени денеден сууруп алгандан кийин кишини жабыркатар же жабыркатпастыгын билиш үчүн лабораториядан текшерттирсе болорун айткан.
"Ал үчүн айнек идишке салып, үстүнө кебез таштап, капкак менен бекем жаап жеткириш керек. Эгерде бир нече убакыттан кийин алып бара турган болсоңуз, муздаткычта кармап туруңуз", — деп кеңеш берген дарыгер.
Кене жаз мезгилинде абанын температурасы 10 градустан жогорулаганда жандана баштайт.
Кыргызстандын түштүк аймактарында кене чагуу коркунучу мартта, апрелдин башында, түндүк аймактарда апрелдин ортосунда же майдын башында күч алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0