https://sputnik.kg/20210411/osh-karakchylykka-shektuulor-zhol-kyrsyktan-oldu-1052081154.html
Ошто каракчылык кылды деген үч киши качып баратканда кырсыктап көз жумду
Ошто каракчылык кылды деген үч киши качып баратканда кырсыктап көз жумду
Sputnik Кыргызстан
Милиционерлер шектүүлөр качып бара жаткан унааны токтотуу аракетин көргөн. Бирок алар талаптарга баш ийбей каршы тилкеге чыкканда жүк ташуучу унаа менен... 11.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-11T12:28+0600
2021-04-11T12:28+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
ош
каракчылык
өлүм
шектүү
жол кырсык
милиция
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0b/1052080997_0:0:1002:567_1920x0_80_0_0_1218c820ad30cf99cb6aef50eecbdac4.jpg
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош шаарында каракчылык кылып качып бара жаткан үч шектүү жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу маалыматты шаардык милиция тастыктады.Укук коргоо органдарына билдирүү бүгүн, 11-апрель күнү, саат 01:50дө түшкөн. Анда Ош — Ноокат жолунда, Жапалак айылынын аймагында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен DAF XF 95 430 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагылышып, анын кесепетинен биринчи машинадагы үч киши көз жумганы айтылган.Каза болгондор 56 жаштагы эркек киши (унаасынын ээси), 40 жаштагы аял жана 40 жаштагы дагы бир эркек киши экени аныкталган. Экөө окуя болгон жерден, бирөөсү ооруканадан көз жумган.Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шаардык милициянын Кайгуул-күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери ВАЗ-2106 автокөлүгүн токтотуу максатында үн күчөтүүчү жабдыктар менен жарыктандыруучу маякты жандырып артынан барышканы аныкталган. Бирок алар талаптарга баш ийбестен каршы тилкеге чыкканда кагылышуу болгону айтылат.Учурда арыз жазган кишинин денесиндеги жаракаттардын оордугун жана каза болгондордун өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертиза жүрүүдө.
https://sputnik.kg/20210312/zhol-kyrsygynan-eki-kishi-kaza-boldu-1051744698.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0b/1052080997_47:0:949:567_1920x0_80_0_0_6079bfb7e00e0c6ac38d7f7644fef1e9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, ош, каракчылык, өлүм, шектүү, жол кырсык, милиция
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, ош, каракчылык, өлүм, шектүү, жол кырсык, милиция
Ошто каракчылык кылды деген үч киши качып баратканда кырсыктап көз жумду
12:28 11.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Милиционерлер шектүүлөр качып бара жаткан унааны токтотуу аракетин көргөн. Бирок алар талаптарга баш ийбей каршы тилкеге чыкканда жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош шаарында каракчылык кылып качып бара жаткан үч шектүү жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу маалыматты шаардык милиция тастыктады.
Укук коргоо органдарына билдирүү бүгүн, 11-апрель күнү, саат 01:50дө түшкөн. Анда Ош — Ноокат жолунда, Жапалак айылынын аймагында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен DAF XF 95 430 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагылышып, анын кесепетинен биринчи машинадагы үч киши көз жумганы айтылган.

12 Жалган Куран 2021, 10:22
Каза болгондор 56 жаштагы эркек киши (унаасынын ээси), 40 жаштагы аял жана 40 жаштагы дагы бир эркек киши экени аныкталган. Экөө окуя болгон жерден, бирөөсү ооруканадан көз жумган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шаардык милициянын Кайгуул-күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери ВАЗ-2106 автокөлүгүн токтотуу максатында үн күчөтүүчү жабдыктар менен жарыктандыруучу маякты жандырып артынан барышканы аныкталган. Бирок алар талаптарга баш ийбестен каршы тилкеге чыкканда кагылышуу болгону айтылат.
"Бул иш боюнча милиция кызматкерлери суралып, алар унаадагылар каракчылыкка шектелгени үчүн кармоого аракет кылганын айтышкан. Кызматкерлердин билдиришинче, 10-апрель күнү кечинде шаар тургунунун үйүнүн эшигин бузуп киришип, аны дубинка менен ур-токмокко алып, акчаларын карактап кеткендиги тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Анын негизинде кайгуул кызматкерлери жабырлануучулар менен чогуу шектүүнү табууга аракет кылышкан. Жолдон алар ВАЗ-2106 унаасы менен бара жатканын көрүшүп, токтотууга аракет жасашкан", — деп айтылат маалыматта.
Учурда арыз жазган кишинин денесиндеги жаракаттардын оордугун жана каза болгондордун өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертиза жүрүүдө.