УКМК: "Кадастр" ишканасынын Ош филиалынын башчысы кармалды

© REUTERS / POOLКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
УКМКнын маалыматына караганда, 2020-жылдын август айында "Ош электр" ЖАКсы административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында мүлк өтө арзан баада сатылып кеткен.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жер ресурстары агенттигинин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын директорун кармады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда 2020-жылдын август айында "Ош электр" ЖАКсы административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында мүлк 8 миллион сомго сатылганы айтылган.
"Базар баасы боюнча көрсөтүлгөн аянттагы жер тилкесинин 1 сотыхы 2,5 миллион сомдон жогору бааланган. Ал эми жалпы аянты 600 чарчы метрге жеткен имарат 16,65 сотых жерде жайгашкан. Аталган жер тилкеси менчикке эмес, убактылуу пайдаланууга берилиши керек эле", — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган жаран УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук тергөө абагына киргизилди.
Учурда жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү башка коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0