Бишкекте изделип жаткан Альбина Бапиева аман-эсен табылды

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosКыз. Иллюстративдик сүрөт
Кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Милициянын маалыматына караганда, кыз Ленин айылынан табылган. Ал кафеге жумушка орношуп, үй-бүлөсү менен байланышкан эмес.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынан дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Альбина Бапиева табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от УВД Октябрьского района (@uvdoktyabrsky)

Альбина 8-апрель күнү саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келбегендиктен кыздын жакындары милицияга кайрылышкан.
Милициянын маалыматына караганда, кыз Ленин айылынан табылган. Ал кафеге жумушка орношуп, үй-бүлөсү менен байланышкан эмес. Учурда Альбина Бапиева үйүндө экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0