Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖалал-Абад облусунун жаратылышы. Архив
Жалал-Абад облусунун жаратылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
8-9-апрелде жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткү пайда болушу күтүлөт.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 10-апрель, ишемби күнү, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +20...+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +11...+16, Нарын аймагында +12...+17 градус  болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ош шаарында +23...+25, борбор калаада +21...+23 градуска жетери айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0