Көпчүлүк менен кошо Цукербергдин да номери ачыкка чыгып кетти. Сүрөт

© AFP / JOSH EDELSON Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Архив
Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
Цукербергдин жеке маалыматтары жайылып кеткенин Twitter колдонуучуларынын бири байкап, скриншотун өзүнүн аккаунтуна жарыялаган.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг тууралуу маалыматтар платформаны пайдаланган жарым миллиардга чукул кишинин дайын-дареги менен кошо интернетке тарап кетти. Бул тууралуу New York Post гезити жазды.
Ага чейин 106 мамлекеттин 533 миллион жаранынын аты-жөнү жана телефон номери ачыкталганы кабарланган болчу. Business Insider басылмасынын жазганына караганда, маалымат хакердик форумдардын бирине жарыяланган. Мында кеп пайдалануучулардын толук аты, жүргөн жери, туулган жылы тууралуу болуп жатат.
Цукерберг тууралуу маалыматтарды Twitter колдонуучусу Дейв Уокер байкап калган. Ал форумду иликтеп, соцтармактын негиздөөчүсүнө таандык телефон номерди таап алган да, скриншотун өзүнүн аккаунтуна жарыялап койгон.
​"533 миллион киши тууралуу айтсак, кызыгы Марк Цукерберг да ошолордун катарында жүрөт. Facebook үн катпагандан кийин балким журналисттер Цукербергдин интернеттеги номерине чалып көрөр", — деп жазган Уокер.
Маалыматтардын ачыкталышынан баарынан көп Египет (44 миллион), Тунис (39 миллион), Италия (35 миллион), АКШ (32 миллион), Сауд Аравиясы (28 миллион), Марокко, Түркия, Франция (19 миллиондон), Ирак (17 миллион), Мексика (17 миллион), Улуу Британия (11,5 миллион) жана Россиянын (10 миллион) жарандары жабыр тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0