Бактысыз болуп өтөмбү? Курбусунун жигитин сүйүп, азап тарткан кыздын каты

© Фото / Pixabay/ PexelsКучакташып турган жуп. Архив
Кучакташып турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу жакын курбусунун жигитин сүйүп калып, бир жылдан бери бушайман болуп жүргөн кыздын каты жарыяланды.
Саламатсыңарбы! Бир жылдан бери жүрөгүм ооруп, айламды таппай жүрөм. Кызыгы, ичтеги сырымды эч кимге айта албайм.
Эң жакын курбумдун аты Жамал (аты өзгөртүлдү — ред.). Экөөбүз мектептен бери жакынбыз. Бешинчи класстан тарта чогуу окуп, бири-бирибизге бир туугандай болуп калганбыз. Анын үстүнө менин эже-сиңдим жок, үч эркектен кийин төрөлгөн жалгыз кызмын. Буга чейин Жамалдан эч нерсени жашырган эмесмин. Ал мени жакшы түшүнөт, экөөбүз каалаган темада күнү-түнү сүйлөшө беребиз.
Аял башын кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Атам кыздарды жерий берип эркектер менен сүйлөшө албай калдым. Кыздын каты
Бирок былтыр күтүлбөгөн окуя болду. Германияда жашаган таежем уулдуу болуп, бир нече айга ага жардам бергени кеткем. Ошол учурда Жамал Медер деген жигит менен таанышып, мамилеси жакшы болуп кеткенин айтты.
Менин келеримди укканда курбум аэропорттон тосуп аларын айтты. Учактан түшүп, сыртка чыксам ал жалгыз эмес, жанында мага айтып жүргөн жигити бар экен. Кызыктын баары ошол жерде башталды. Жолдо чарчап, чачым саксайган, бетимде макияж жок экенине аябай өкүнүп калдым. Тиги баладын уялдым, ыңгайсыз болдум.
Ошол күндөн тарта курбумдун жигити жөнүндө көп ойлоно баштадым. Достор менен чогулган жерде мен Медерди эле угуп, ошону эле карап отурарымды байкадым.
Кийин ал жумуштары менен башка жакка кетип, бир айдан ашык убакыт көрүшпөй калдык. Ошол учурда сагынып, көргүм келип, далай жолу телефондон номерин терип, кайра өчүрүп койгон күндөрүм болду. "Курбумдун жигитине чалып эмне демек элем, сагындым деп айтамбы, качан келесиң деп сурайынбы?" деп өзүмдү далай тилдедим. Дал ошол учурда мен аны катуу сүйүп калганымды билип, дароо артка чегиндим. Кадимкидей Жамалдан корунуп, өзүмдү анын алдында күнөөлүү сезе баштадым. Ошол учурда жумуштан Ысык-Көлдөгү филиалыбызга тажрыйбалуу кызматкер керек болуп жатканын угуп, жетекчиликке кирип суранып жатып ал жакка кетип калдым. Үйдөгүлөр бул чечимимди жакшы түшүнө албай кала беришти. Бирок менде Медерди көрбөсөм унутуп калам деген ой пайда болуп, иши кылып бир жакка кетиш керек эле.
Жумушум туризмге тиешелүү болуп, экинчиден, көлгө жайкысын баргандыктан, алгач мага баары жагып жатты. Жаңы кесиптештер менен таанышып, күн алыстап көлгө түшкөнү барып, айтор, Медерди көп ойлобой калдым. Атургай туура чечим кабыл алганыма көзүм жетип, бактылуу болуп жүрдүм. Медердин социалдык тармактагы бардык баракчаларын өзүмдөн өчүрүп, Жамал менен дагы көп сүйлөшпөй койдум. Өзүм менен өзүм алышып жүрүп, арадан төрт айдай өтүп кетти. Ал ортодо биздин кызматыбызды пайдаланып, Казакстандан келип эс алып кеткен жигит менен интернет аркылуу сүйлөшүп, аны менен алаксып калдым. Бирок ага берилип, сүйүп кете алган жокмун.
Ошол күндөрдүн биринде апамдын туулган күнү болуп, мен Жамалга, башка досторго айтпай эле Бишкекке 2-3 күнгө келип кетейин деп чечтим. Анткени алар билип калса, жолугушууга туура келип, ал жактан сөзсүз Медерди кезиктирмекмин.
Аял муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Атама да кол көтөрөт. Энеси ичкиликке берилип, аргасы түгөнгөн кыздын каты
Апам дагы өздүк майрамын үй-бүлөбүз менен белгилейли деп эч кимди чакырбаптыр. Экөөбүз ашканада тамак жасап жатсак, эшик тыкылдап калды. Атам болсо керек деп чуркап барып ачсам, аппапак розаларды көтөрүп алып мен сүйгөн адам туруптур. Ишенсеңер, ошол ирмемдерде менин буга чейин кылган аракетимдин бардыгы текке кетти. Ал курбумдун жигити экенин унутуп коюп, мойнуна асылдым. Ал дагы мени катуу кучактап, "Кайда жоголуп кеттиң же менден качып жүрөсүңбү? Соцтармактардан дагы таппай калдым го сени" деп башкаларга угузгусу келбегендей акырын сүйлөдү. Мен "ооба, сенден качып жүрөм, анткени мен сени сүйөм, сагындым сени" деп кыйкыргым келди. Бирок өзүмдү колго алып, азыр эле чуркап барып мойнуна асылганым үчүн өзүмдү ичимен тилдей баштадым. Башымда "бул мени социалдык тармактардан эмнеге издеди? Эмнеге менден качып жүрөсүңбү деп сурады? Бир нерсени байкап калганбы же мен дагы буга жагамбы?" деген ой пайда болду.
Мен эсиме келгиче апам ашканадан чыкты. Көрсө Жамал өзү тумоолоп калыптыр, бирок апамдын туулган күнүн унутпай, Медерден гүл берип жибериптир.
Анысын укканда жүрөгүм ого бетер сыгылды. Мен эмес, апама ушунча жылуу мамиле кылган курбумду кантип кыям, кантип ал жакшы көргөн адамды мен дагы сүйүп жүрөм деп өзүмдү жемеледим.
Көлдө дагы бир ай иштеген соң Бишкекке кайтууга убакыт келди. Медерди унутууга жарым жыл жетет деп ойлосом керек, бирок кайтып келе жатканда, мен аны мурдагыдан дагы катуу сүйөрүмдү, анын үнүн угуп, көздөрүн карагым келип жатканын даана билип турдум. Кыскасы, мен андан эч жакка качып кутула албасымды билдим.
Бир нече айдан бери баягы жашообуз уланып жатат. Акыркы кездерде Жамалды жалгыз кезиктире албай калдым. Кайсы учурда болбосун жанында Медер бар. Үчөөбүз кезиккенде бир нече саат жөн гана сүйлөшүп отура беребиз. Медердин мага мамилеси абдан жылуу. Учурашканда же коштошкондо баягы апама гүл алып келгендегидей кыса кучактап бетимден өөп коёт. Анысын кандай түшүнөрүмдү билбейм. Балким, ал мени жөн гана сүйүктүүсүнүн жакын адамы катары кабыл алып, жакшы мамиле кылып жаткандыр.
Мындан ары кантип жашайм, ал Жамалга үйлөнсө, курбумдун күйөөсүн жакшы көрүп жүрүп өтүп кетемби? Экөөнүн үйүнө кантип барам? Кантип аны унутсам болот? Бир туруп курбум менен ачык сүйлөшкүм келип кетет. Бирок кантип? Ал менден баш тартып койсочу? Көп адамдын арасынан кантип ошол жигитти сүйүп калдым, кудай мага башкасын берсе болбойт беле? Айтор, суроолорум абдан көп...
Психолог Саадат Сыдыкова:
— Бул жерде "сүйүү үч бурчтугу" түзүлүп калыптыр. Мындай учурда сөзсүз бир адам кыйналат жана ал киши каттын автору болуп жатат. Балким, бул жерде чыныгы сүйүү эмес, кат жазган кыздын курбусуна ичи тарлыгы болуп жатышы да мүмкүн. Табиятында кишилер тээ алыстагы бирөөгө эмес, өзүнө жакын, кандайдыр бир тиешеси бар адамдарга көрө албастык кылат. Анын колунда бар нерсеге, жанындагы адамына кызыгып, меники болсо деп ойлошу мүмкүн. Бул адам өзү аңдабаган ичтеги сезим. Мындай учурда психологго кайрылуу керек.
Басып бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Өзүмдү курмандыкка чалып жашап өтөмбү? Күйөөсү менен жарашкан келиндин каты
Балким, чындап эле курбусунун жигитине сүйүү сезимдери бардыр, жүрөктү эч ким тыя албайт да. Андай болсо бара-бара сүйүү күчөйт. Ошентип жүрүп бир күнү билинип калышы ыктымал. Андыктан бул тууралуу алгач жигит менен сүйлөшүп көрүү керек. Эгер анда дагы каттын авторуна сүйүү сезимдери болсо, үчөө отуруп ачык сүйлөшүүгө туура келет. Анда достукту сактап калуу кыйын, курбусу таарынат, ызаланат, мамиле таптакыр талкаланып калышы мүмкүн. Бирок курбу кыз дагы жигити тирүү адам экенин, жүрөгү каалаган кишини тандоого укугу бар экенин түшүнүшү зарыл.
Авторго айтарым, сезимдерди жөн эле көмүп салууга аракет кылуу туура эмес. Ичтеги муң организмге терс таасир этип, башка ооруга айланып кетиши мүмкүн. Анын үстүнө курбусу жашоодогу жакын адамы болгон соң, анын жигитин дагы маал-маалы менен жолуктуруп калат. Ошол мезгилде ичтеги сезимдер кыйнайт. Кыскасы, кыз өз сүйүүсү тууралуу сүйлөшүп, кыйынчылыктан чыгуу жолун тапмайынча психологиялык жактан кыйрай берет.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0