00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Пищевые привычки и здоровье: эксперты ЕАЭС о том, что мы едим
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
600 үгүтчү алган талапкерлер бар – ЖК шайлоосунун үгүт өнөктүгү кандай жүрүүдө?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Минская конференция: как формируется новая архитектура евразийской безопасности
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Финансыны туура башкаруу канчалык маанилүү?
11:04
26 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Ачыктыкты камсыздайт – Эми саясий партиялар, диний уюмдар, кесиптик бирликтер да каржылык отчёт берет
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что нужно знать о диабете: простыми словами о рисках и профилактике
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Көркөм өнөр аркылуу мураска кайтуу — айкел жана эстеликтер жөнүндө скульптордун пикири
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наследие улуса Джучи: взгляд из Бишкека и Казани
14:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандын салык саясатынын жаңы багыттары: реформалар, санариптештирүү жана ЕАЭБ алкагындагы шайкештик
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Музыка менен жашаган өмүр: Жамила Маматованын чыгармачылык мурасы
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Инклюзивный танец: как дети с инвалидностью находят себя в творчестве
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Жогорку лигага быйыл кошулган “Барс” кантип дароо чемпион болду?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандын салык саясатынын жаңы багыттары: реформалар, санариптештирүү жана ЕАЭБ алкагындагы шайкештик
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оодарылган аскер унаасында Залина Касымова, НурЧолпон болгон. Артисттердин абалы

© Фото / Кубаныч МолдокуловЫрчы НурЧолпон. Архив
Ырчы НурЧолпон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Жол кырсыгынан набыт болгон ырчы Нурзат Ажыгожоева экени айтылган. Ал эми жаракат алган беш артист учурда ооруканада жатат.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда оодарылган аскер унаасынын ичинде ырчы НурЧолпон, кыякчы Залина Касымова дагы болгон.
Эске салсак, кечээ, 29-мартта, түштүк регионундагы аскер бөлүктөрүнө концерт койгону бараткан чыгармачыл топ Жайыл районунун аймагында кырсыкка кабылган. Генералдык штаб мунун кесепетинен бир аскер кызматкери жеринде мерт болгонун тастыктаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саат 12:46 чамасында "КамАЗ-Вахтовка" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай оодарылып кеткенин билдирди.
"Кырсыктан 40 жаштагы аял каза болуп, беш адам ар кандай жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана Тез жардам кызматы тартылган", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан набыт болгон аял Сокулук маданият үйүнүн директору, Генералдык штабдын аскердик оркестрлеринин биринде иштеген Нурзат Ажыгожоева экени белгилүү болду. Жакындарынын айтымында, ал Кыргыз улуттук консерваториясын бүткөн. Артында үч баласы калды.
Жаракат алгандардын арасында кыякчы Залина Касымова менен ырчы Бурулча Турарбек кызы да бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Залина Касымова (@zalinakasymova_official)

Касымова Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна кечээ саат 17:00дө түшкөн. Оорукананын маалымат кызматы кыякчынын мээси чайкалып, акыреги сынып, мойну жана буту-колу жабыркаганын билдирди.
Ошол эле медициналык мекемеде Турарбек кызы да жатат. Анын мээси чайкалып, буту-колу жабыркаган.
Кырсыкка кабылган дагы үч артист учурда Беш-Күнгөй айылындагы аскер госпиталында жатат. НурЧолпондун апасы Мейликан Эмилбекова кырсыктан кийин ырчылар беш саат бою каралбай ара жолдо калганын айтып нааразычылыгын билдирди.
"Кызыма кошуп Талант жана Бегимай деген артисттерди Кара-Балта шаардык ооруканасына алып келип коридорго отургузуп коюшуптур. Адам өлгөн жерден шок болуп келген балдарды палатага да жаткырып койбой, Бишкектен тез жардам келишин күтүшүптүр. Командирлерине чалып өзүбүз алып кетели десек "мына келип калды" деп алдап жатышты. Акыры төрт сааттан кийин бир тез жардам барыптыр. Анысы да келе жатып Сокулукка токтоп, кафеге чай ичкени кирип кетишиптир. Балдар таксиге отуруп кетели десе эшигин кулпулап чыгарбай коюшкан. Акыры ызы-чуу кылып жатып түшүптүр. Анан өзүбүз барып алып келдик", — деди Эмилбекова.
Ошондой эле ал кырсыкта кызынын мээси чайкалып, маңдайы жарылганын айтты.
Певица Анжелика Бекболиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Милиция: ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылган учурда рулда өзү болгон эмес
"Аскер госпиталына кечки саат 8дерде алып барып жаткырдык. Кызымдын маңдайы жарылган жерин убагында тигип коюшса болмок экен. Эми анысы тырык болуп калышы мүмкүн деп жатышат. Бул кыз бала, ырчы үчүн оор тиет. Ырчыларды алып барган Генералдык штабга жана медиктерге аябай нааразы болуп жатабыз", — деди ырчынын апасы.
Эмилбекова кызы НурЧолпонду түштүк регионуна концерт коюу үчүн Генералдык штаб чакырганын белгиледи.
Ал эми Башкы штабдын маалымат кызматы жагдай такталгандан кийин гана маалымат бере турганын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0