https://sputnik.kg/20210330/kyrgyzstan-farmacevtikalyk-kompaniya-sujloshuu-1051947289.html
Марипов: абалдын начарлашына даяр болушубуз керек
Марипов: абалдын начарлашына даяр болушубуз керек
Sputnik Кыргызстан
Фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармектерге карай бааларды турукташтыруу боюнча мындан... 30.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-30T18:59+0600
2021-03-30T18:59+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
өкмөт
коронавирус
абал
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
https://sputnik.kg/img/07e5/03/1e/1051946474_0:43:3082:1785_1920x0_80_0_0_f24308e303c98feccdeb8fb0627ac872.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мындан ары өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялар коронавирус инфекциясынын жайылуу динамикасын эске алуу менен дары-дармектерди алып келишет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешмеде белгилүү болду.Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республикадагы бардык фармацевтикалык компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармекке карай бааларды турукташтыруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.Өкмөт башчы Улукбек Марипов белгилегендей, саламаттык сактоо тутуму, медициналык адистер оорунун өсүүсүнө даяр болушу керек.Маалыматта ушул жуманын соңуна чейин коронавирустун жайылуу динамикасын эске алуу менен график уюштурула турганы айтылды."Ал график боюнча фармацевтикалык компаниялар өз кампаларына жана дарыкана тармактарына препараттарды алып келип турушат. Натыйжада, рыноктогу дары-дармек тартыштыгы жаралбашы керек", — деп айтылат билидирүүдө.Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынан дары-дармек каражаттары чыгарылып, өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилгени айтылды."Медициналык мекемелерде 1,5-2 айга жетиштүү медикаменттердин запасы бар. Бардык дарыкана пункттары дары-дармектердин тийиштүү запасы менен камсыздалган. Республиканын бардык саламаттык сактоо мекемелери кычкылтек концентраторлору бар", — деп жазылган маалыматта.32 мекемеде стационардык кычкылтек станциялары орнотулган, 12 объектиде аларды орнотуу боюнча иштер жыйынтыкталууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/1e/1051946474_0:0:3082:1938_1920x0_80_0_0_c4f760acfc2ec1b679a41c510c9eac1f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, өкмөт, коронавирус, абал, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, өкмөт, коронавирус, абал, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Марипов: абалдын начарлашына даяр болушубуз керек
18:59 30.03.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармектерге карай бааларды турукташтыруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мындан ары өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялар коронавирус инфекциясынын жайылуу динамикасын эске алуу менен дары-дармектерди алып келишет. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешмеде белгилүү болду.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республикадагы бардык фармацевтикалык компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармекке карай бааларды турукташтыруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов белгилегендей, саламаттык сактоо тутуму, медициналык адистер оорунун өсүүсүнө даяр болушу керек.
«Бишкекте жана Чүй облусунун айрым райондорундагы оорунун өсүшү боюнча абал кооптондурууда. Биз окуянын ар кандай өнүгүү варианттарына, анын ичинде абалдын начарлашына даяр болушубуз керек. Саламаттык сактоо уюмдары, биринчи кезекте медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен, бейтаптарды дарылоо үчүн тийиштүү дары-дармектердин запасы жана жабдуулар менен камсыздалышы керек. Өзгөчө көңүлдү балдардын ден соолугуна, мектептерде жана бала бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоого буруу керек. Республикалык ыкчам штаб ишти активдештирип, эпидемиологиялык абалды мониторингдөө жана көзөмөлдү күчөтүүсү керек. Абал начарлап кеткен учурда өз учурунда чараларды кабыл алуусу тийиш», — деди ал.
Маалыматта ушул жуманын соңуна чейин коронавирустун жайылуу динамикасын эске алуу менен график уюштурула турганы айтылды.
"Ал график боюнча фармацевтикалык компаниялар өз кампаларына жана дарыкана тармактарына препараттарды алып келип турушат. Натыйжада, рыноктогу дары-дармек тартыштыгы жаралбашы керек", — деп айтылат билидирүүдө.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынан дары-дармек каражаттары чыгарылып, өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилгени айтылды.
"Медициналык мекемелерде 1,5-2 айга жетиштүү медикаменттердин запасы бар. Бардык дарыкана пункттары дары-дармектердин тийиштүү запасы менен камсыздалган. Республиканын бардык саламаттык сактоо мекемелери кычкылтек концентраторлору бар", — деп жазылган маалыматта.
32 мекемеде стационардык кычкылтек станциялары орнотулган, 12 объектиде аларды орнотуу боюнча иштер жыйынтыкталууда.