Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Нурматов: "британиялык" штаммдын Кыргызстанда бар-жогун тактай албайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековВирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов коронавирустун өлкөдөгү абалы боюнча илимий божомолдорго токтолду.
Нурматов: "британиялык" штаммдын Кыргызстанда бар-жогун тактай албайбыз
Республикада коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйөт деген божомолду бере албайбыз. Буга бир нече себеп бар. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жугуштуулугу 70 эсе жогору деп божомолдонуп жаткан "британиялык" штаммдын өлкөдө бар-жогун аныктоого бизде мүмкүнчүлүк жок.
"Илимде 100 000 адам жашаган чөлкөмдө 80ден ашуун ооруга чалдыккан киши катталса ал "кызыл" зона деп аталат. Учурда Казакстандын эки чоң шаары, Нур-Султан жана Алматы ушундай абалда турат. Географиялык жактан аталган шаарлардын экинчиси бизге жакын болгону менен өлкөдө кайсы убакта коронавирус күчөп, үчүнчү толкуну башталып кетишин так айта албайбыз. Ошону менен катар эле дүйнөнү кооптондуруп жаткан "британиялык" штамм азыркы учурда Кыргызстанда бар же жогун да тактай албайбыз. Бул үчүн бизде тиешелүү аспаптар менен жабдылган лабораториялар жок. Бирок кандай болгон күндө да азыр былтыркыга караганда даярдыгыбыз бир топ жогору. Вирус тууралуу аз да болсо маалыматыбыз бар, дарыгерлерибиз даярдыктан өтүп калышты, дары-дармек, керектүү каражаттар жетиштүү", — деди Нурматов.
Окумуштуу учурда калктын антителосун изилдөө иштери жүрүп жаткандыгын, анын жыйынтыгы апрель айынын соңунда чыгарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0