Өзбекстанга суу берип, жер алдык. Ташиев Кыргызстанга өткөн жерлерди санап берди

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек ара көзөмөл пунктундагы Кыргызстандын желеги. Архив
Чек ара көзөмөл пунктундагы Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Ташиев сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз тарапка 8 миң гектар жер өткөнүн билдирди. Ал бир да талаштуу жер калбаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан бир нече тилке Кыргызстанга өткөнүн айтып, аларды санап берди.
Эске салсак, Ташиев баштаган өкмөттүн делегациясы жакында эле Өзбекстанга барып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар протоколго кол коюшкан.
"Сүйлөшүп, протоколго кол койгондон кийин талаштуу жер калган жок. Биз тарапка Көк-Серек участогундагы 105 гектар жер, Ала-Бука районундагы Баястан участогунан 212 гектар жер жазылды. Мындан сырткары, Кара-Суудагы Ак-Таш участогунан 100 гектар жерди да алдык. Үңкүр-Тоодон Кыргызстанга 35 гектар жазылды. Тактап айтканда, Үңкүр-Тоо толугу менен бизге өттү. Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге кайра жазылды. Кайра жазылды дегеним Кара-Белес мурда Өзбекстанга берилген, аны эми кайра биз алдык. Бул жерлердин баарына эгин эгилген, элдин үлүш жерлери. Ошентип бул участоктор Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү", — деди Ташиев.
Ал Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстан тарапта эле калганын белгилеген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Ташиев: Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары бири-бирине жер бербейт
"Ошол жердин үстүндө суу турат. Анын 95 пайызын өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы болжол менен 800 гектардын тегерегинде. Анын 200 гектарга жакынын компенсация кылып берген. Азыркы күндө 600 гектарга жетпеген жер калган, ошонун эсебинен аталган участоктор бизге өттү", — деди УКМК төрагасы.
Ташиев жалпы жонунан сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз тарапка 8 миң гектар жер өткөнүн билдирди.
"Жалал-Абад менен Наманган облустарынын чектешкен жеринде Гавасай деген участок бар. Бул жерде 5-6 кыргыз айылы жана алардын жайлоолору жайгашкан. Бул аймакта дайым ок атышуу болуп турчу. Эми Гавасай толугу менен Кыргызстанга жазылмай болду. Эми конфликт болбойт. Өзбекстанга Шахрихан-Сайдын баш жагынан 50 гектар жер берилди. Бирок анын ордуна Өзгөндүн баш жагынан 50 гектар жер алмай болдук", — деди УКМК төрагасы.
Өзбек тарапка берилген тилкелер кайрак жер экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0