Аламан улактын кумары эмнеде? Улакчылардын жашоосу тууралуу репортаж

Жазылуу
НовостиTelegram
Жүздөгөн, кээ бир учурда миңдеген улакчылар кең талаага чогулуп улак тартышат. Ошол жерде эрендердин билегиндеги күчү, минген атынын күлүктүгү аныкталат.
Sputnik Кыргызстан аламан улакка чабылган аттарды кантип таптай турганын жана жылкы менен эриш-аркак жүргөн улакчылардын жашоосу тууралуу материал даярдады. Алдыңкы улакчылар ар жума сайын үйүнө тай, төө жетелеп, жакшы болсо автоунаа айдап келет.
Аламан улакка баш-оту менен кирип кызыккан кыргызстандыктарды футболду сүйгөн бразилиялыктар менен салыштырууга болот. Алардын бири 21 жаштагы Баяман Муралим уулу. Бала чагынан эле ат үстүндө чоңоюп, 16 жашынан улак тарта баштаган.
Состязание по игре аламан улак на территории поселка Дача СУ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр
Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда салмагы 30-40 килограмм улак же 70-80 килограммдык торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге таштаган улакчы соорун алат. Оюндун калысы алдын ала кайсы байге үчүн кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы, алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.
Чоң оюндарда байгеге ондон топоз, тай, төө жана автоунаалар коюлуп келет. Былтыр Кара-Суу районунда ишкер аламан улак өткөрүп, баш байгеге Бишкек шаарынан бир батир берген.
Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, кийин сүннөткө отургузганда жана мааракелерде уюштурулат. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0