Батыров: отуруп иштегендер, тигүүчүлөр арасында остеохондроз кеңири жайылган
18:44 12.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Табылды КадырбековНевропатолог Максат Батыров
Жазылуу
Невропатолог Максат Батыров остеохондрозго жол бербөө үчүн кыймылдуу болуп, отуруп иштегендер күн сайын көнүгүү жасап туруу зарыл экенин айтты.
Омурткада жана кемирчектерде кан тамырлар жок. Алар айланасындагы булчуңдардагы кан тамырлардан азык алат. Эл арасында туз уюп же жел туруп калды деп коёбуз. Медициналык тил менен айтканда, булчуңдар тырышкандыктан тамырлар кысылып, омурткага кан барбай калат да, ошол жерде остеохондроз пайда болот. Булчуңдар катуу тартып, талып баштаганда эле дароо алдын алуу иштерин башташ керек. Бул тууралуу Максат Батыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Батыров: отуруп иштегендер, тигүүчүлөр арасында остеохондроз кеңири жайылган
Анын айтымында, отуруп иштегендердин жана тигүүчүлөрдүн арасында остеохондроз кеңири жайылган.
"Остеохондроз омуртка түзүлүшүнүн оорусу. Илдет аз кыймылдагандыктан, оор жүк көтөрүүдөн, ашыкча салмактан, тамактануунун бузулушунан жана башка себептерден улам пайда болот. Оору гендик түзүлүштөн улам да муундан-муунга өтөт. Омуртканын түзүлүшүнө жараша моюн остеохондрозу, далынын остеохондрозу, белдики, жамбаштыкы жана таралган остеохондроз деген түрлөрү бар. Эгер моюн омурткасы жабыркаса нерв, тамырлар кысылат. Мындан улам кулак чуулдап, баш айланып, көрүү начарлайт. Ошондой эле моюндагы хондроз колду чымыратып, алсыз кылат. Остеохондроз төрт стадияга бөлүнөт. Бул 2-3-стадиядагы белгилер. Башында оору анча билине бербейт. Эгер омуртка тарап талып, бир аз оору болсо күчөй электе дарыгерге барган оң. Ал эми белде пайда болгон остеохондроз омурткалардын ортосунда этти пайда кылып, грыжага алып келет. Негизи нерв тутуму менен омуртка өтө тыгыз байланышта экенин эске салгым келет. Адам канчалык чарчап, стресс болсо омуртка да ошончолук жабыркайт", — деп айтып берди Батыров.
Адис остеохондрозго каршы дары-дармектер, физиодарылоо, ультраүн терапиясы, электростимуляция, электрофорез жана хирургиялык ыкмалар менен дарылаарын кошумчалады.