Жума күнүнө карата аба ырайы

Дождь в Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
12-мартка караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонууда. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Таласта +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл жергесинде +6…+11, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градуска жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +15…+17, Ошто +16…+18 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0