https://sputnik.kg/20210310/sadyr-zhaparov-turkiya-ministr-zholuktu-1051721354.html
Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам беребиз! Жапаров түрк министри менен жолукту
Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам беребиз! Жапаров түрк министри менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Кыргызстан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи. 10.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-10T12:37+0600
2021-03-10T12:37+0600
2021-12-15T22:51+0600
жаңылыктар
кыргызстан
дүйнөдө
саясат
түркия
садыр жапаров
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
мевлют чавушоглу
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0a/1051721248_0:120:2835:1715_1920x0_80_0_0_6d461af961a868b924f6096de8fedfde.jpg
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, өлкөгө расмий сапар менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.Садыр Жапаров быйыл 30 жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеген. Ошондой эле эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркияга ыраазычылыгын айткан.Президент өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн, айыл чарба тармагында, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкердик мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.Мындан тышкары, Садыр Жапаров кыргыз тарап IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалаган.Ал эми Мевлүт Чавушоглу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.Ал эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги конструктивдүү диалог тууралуу айтып, түрк тараптын Кыргызстан менен тыгыз мамилелерди түзүүгө, биргелешкен кызматташуунун бардык багыттарындагы маселелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигине токтолду.Мевлүт Чавушоглу Түркия соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын дагы баса белгиледи.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришкен.
https://sputnik.kg/20210309/sadyr-zhaparov-atyn-zhamyngandar-1051713420.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0a/1051721248_105:0:2708:1952_1920x0_80_0_0_79b112e072afd7f8352cadfa2f13f0ea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, дүйнөдө, саясат, түркия, садыр жапаров, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, мевлют чавушоглу
жаңылыктар, кыргызстан, дүйнөдө, саясат, түркия, садыр жапаров, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, мевлют чавушоглу
Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам беребиз! Жапаров түрк министри менен жолукту
12:37 10.03.2021 (Жаңыртылды: 22:51 15.12.2021) Садыр Жапаров Кыргызстан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, өлкөгө расмий сапар менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.
Садыр Жапаров быйыл 30 жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеген. Ошондой эле эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркияга ыраазычылыгын айткан.

9 Жалган Куран 2021, 17:14
Президент өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн, айыл чарба тармагында, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкердик мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров кыргыз тарап IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалаган.
Ал эми Мевлүт Чавушоглу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.
Ал эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги конструктивдүү диалог тууралуу айтып, түрк тараптын Кыргызстан менен тыгыз мамилелерди түзүүгө, биргелешкен кызматташуунун бардык багыттарындагы маселелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигине токтолду.
Мевлүт Чавушоглу Түркия соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын дагы баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришкен.