00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шерменде болобуз! Референдум дайындоону күн тартибине киргизүү талашка түштү

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Жанар Акаев. Архив
Депутат Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Референдум дайындоону күн тартибине киргизүүдө регламент бузулуп жана тармактык комитет карабаганы талаш жаратты.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жаңы Конституциянын долбоорун элге алып чыгуу боюнча бир катар регламент бузулуп жатат. Бул туурасында депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.
Жыйын башталып, күн тартиби бекитилип бир мыйзам каралгандан кийин эл өкүлү Бактыбек Турусбеков чыгып Референдум дайындоо мыйзамын күн тартибине киргизүүнү сунуштап, добуш берүү менен чечилди.
Андан соң Акаев микрофонго чыгып нааразычылыгын билдирди.
"Биринчиден, мыйзам долбоорлору каралып жатканда күн тартибине өзгөртүү киргизилбеши керек. Экинчиден, регламентти өткөн шаршемби күнү да одоно буздук. Анткени 85-берененин 4-пунктунда добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат деп так жазылган. Абакта жаткан Дүйшөн Төрөкулов "макул" деп добуш бергени чыкты. Демек биз бүгүн Конституцияны экинчи, үчүнчү окуудан карабашыбыз керек, кайра биринчи башкарууга өтүшүбүз шарт. Эгер ушундай жол менен кетсек, шерменде Конституция болот", — деди Акаев.
Ошондой эле ал мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карабай туруп жалпы жыйынга алып чыкканын белгиледи.
"Эмне өлкөнүн эң башкы документин ууруларча кабыл алабызбы? Даана шерменде болбодукпу. Баш мыйзам мындай жол менен кабыл алынбашы керек. Ошондуктан кийинки жумага калтыралы", — деди Акаев.
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жерде, түрмөдө жаткан депутаттар кантип кол койду? Момбековдун ачууланган видеосу
Ал эми Рыскелди Момбеков ушундай эле пикирин айтып, процесс "зордуктоо" жолу менен кетип жатканын билдирди. Кийин бирөө сотко берсе азыркы кабыл алынган мыйзамдардын баары жокко чыгарын эскертти.
Дастан Бекешев "азыр мыйзам менен эмес, түшүнүк менен жашап калдык, ошентсе да тармактык комитет жок дегенде бир күн мурун чогулуп койсо болмок" деген пикирин айтты.
Андан соң Өмүрбек Бакиров, Умбеталы Кыдыралиев жана Бакыт Төрөбаевдер кесиптештерине каршы пикирин билдиришти.
Төрөбаев 2016-жылы дагы Баш мыйзам өзгөртүлүп жатканда азыркы кыйкырагандар үн катпай отурганын айтты.
Ал эми Бакиров 2020-жылы октябрь окуяларында бийликке жетпей калгандар ызаланып ушундай кадамга барып жатат деген оюн билдирди.
Өткөн жумада парламент биринчи окууда колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү "макул", тогузу "каршы" добуш берген.
Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0