00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Забег без границ: One Run в Бишкеке объединит бегунов из 20 стран
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Батирди алмаштырса болобу — МИКтин кезегинде турган жарандарга үй кантип бөлүштүрүлөт?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Сому-32 года: история главного экономического решения независимого Кыргызстана
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл окуу жылын 215 миң бүтүрүүчү аяктайт — мектептерде акыркы коңгуроо иш-чарасы качан өткөрүлөт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдө жазгы талаа жумуштары уланууда — быйыл кандай өсүмдүктөргө басым жасалды?
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мигранттар үчүн эскертме. Россия Федерациясында кантип кара тизмеге кирбеш керек же кантип чыкса болот
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От блогера до ведущего: как школьник из КР попал в центр «Сириус»
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
48 жыл мектепте иштеген Чыңгыз Айтматовдун биринчи мугалими Дүйшөн
17:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Зелёная энергетика и экономика: как выстроить экологическую инфраструктуру в Кыргызстане?
18:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Чоюн билек балбандардын Азиядагы жеңиши — Кыргызстандын кол күрөшчүлөрү Азия чемпионатынан 26 алтын медаль утту
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Кузнечная крепость в Бишкеке — история происхождения древнего городища
20:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мигранттар үчүн эскертме. Россия Федерациясында кантип кара тизмеге кирбеш керек же кантип чыкса болот
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ишеналы Арабаев — өмүр баяны

© Фото / Азат АкаевАлгачкы “Алиппе” китебин жазып, улуттук алфавиттин уңгусун түзүп, кыргыз жазуу маданиятын калыптандыргандардын бири болгон Ишеналы Арабаевдин эстелиги
Алгачкы “Алиппе” китебин жазып, улуттук алфавиттин уңгусун түзүп, кыргыз жазуу маданиятын калыптандыргандардын бири болгон Ишеналы Арабаевдин эстелиги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Кыргыз элинин алгачкы агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкор районунун Күн-Батыш айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
1900-жылы жергиликтүү мектепти аяктаган соң он жылга жакын кыргыз айыл-кыштактарында мугалим болуп эмгектенген. 1910-жылы ал Россиянын Оренбург шаарындагы "Кусания" медресесинде окуй баштайт. Бул жерде бир жыл билим алган соң Уфа шаарындагы "Галия" медресесинде эки жыл билим алган.
Эмгек жолу
Россиядан окуп келген соң, 1913-1916-жылдар аралыгында Көл жана Нарын аймактарында мектеп ачып, элдин сабатсыздыгын жоюу үчүн жан үрөп иштей баштайт. Ишеналы Арабаевдин элге билим берүү максатына 1916-жылдагы Үркүн тоскоол болот. Эл менен Кытайдын Үч-Турпан деген жерине качып барат. Ал жерден 1917-жылдагы революциядан кийин өз мекенине кайтып келген. Агартуучу өз жерине келгенден кийин Кытайда калып калган мекендештерин кайтаруу үчүн Лениндин өзүнө кат жазып, жаңы орногон бийликтен кыргыздарды алып келүүгө акча бөлдүрткөнү айтылат. Натыйжада 1920-жылы 300 миңге жакын кыргыз жана казак өз жерине кайткан.
Бир катар жооптуу кызматтарда иштеп, өлкөнүн коомдук жана саясий иштерине активдүү катышып, аны менен бирге кыргыз мектептерине мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат. 1924-жылы Түркстан АССРинде уюшулган илимий комиссияны жетектеп турганда арифметика, табият таануу жана география сыяктуу илимдерди камтыган бир катар окуу китептерин жарыкка чыгарат. Элдик оозеки чыгармаларды жыйноо менен бирге улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунан "Манас" эпосунун вариантын жаздырып алуунун демилгечиси болгон.
Эмгектери:
Арабаев студент кезинде эле коомдук иштерге катышып, бир катар илимий-агартуучу макалаларды жазган. 1911-жылы Казань шаарында акын Молдо Кылычтын "Кысса зилзаласын" кыргызча китеп кылып басмадан чыгарган. Ушул эле жылы казак студенти Когабай Сарсекеев менен бирге эки элдин балдары үчүн "Алиппе жаки төтө окуу" (Алиппе жана шар окуу) китебин жазат. Бир жылдан соң Оренбургда "Жазуу өрнөктөрү" китебин чыгарат. 35 беттен турган китепте жазуу эрежелери жана тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү түшүндүрүлгөн.
Агартуучу "Эркин-Тоо" гезитин негиздөөгө катышып, анын биринчи санына агартуучунун калемине таандык макала чыккан. Ал тунгуч кыргыз алфавитин, "Кыргыз алиппесин", грамматика жана табият таануу боюнча биринчи кыргызча окуу китебин, "Сабатсыз чоңдор үчүн алиппени" жана кыргыз мугалимдерине колдонмо иретинде "Саамалык" аттуу китепче жазып, анда он бир сабактын үлгүсүн берген. Арабаевдин агартуу жаатындагы ишмердиги жалпы кыргыз элинин сабаттуу болуусуна өбөлгө болуп, ал жазган "Алиппе" улам жаңыланып отуруп азыркы кезге чейин жеткен.
1930-жылы "Социал-Туран" партиясын уюштурган деген жалган жалаа менен камакка алынгандардын катарында Ишеналы Арабаев да бар эле. Ал 1933-жылы 11-майда камакка алынып, Фрунзеден Ташкенттеги түрмөгө которулган. Ошол эле жылы 7-июнда эртең менен Арабаев жаткан камерага ташкенттик тергөөчү С. Левшин кирип чыккан. Ал эми кечинде камерадан Ишеналы Арабаевдин сөөгү табылган. Илимпоз 1958-жылы толугу менен акталган.
Ишеналы Арабаев — XX кылымдын башындагы залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмер, "Алаш Ордо" партиясынын мүчөсү, советтик агартуу системасын түптөөгө зор салым кошкон автор.
Жаңылыктар түрмөгү
0