Эртең Бишкектин көпчүлүк бөлүгүндө жарык жок болот. График
17:19 10.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Жазылуу
Бул күнү трансформатордук көмөк чордондордо техникалык жактан тейлөө, оңдоо иштери жүргүзүлө турганы маалым болду.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Эртең, 11-мартта, Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
- 9:00дөн 17:00гө чейин — Логвиненко көчөсүндөгү № 24/1 үйүндө, Үмөталиев көчөсүндөгү №27 үйдө;
- 9:00дөн 18:00гө чейин Арча-Бешик конушунда (Он-Арча, Садыбакасов, Сулуу-Төр, Сары-Булуң, Чатыр-Көл көчөлөрүндө);
- 9:30дан 14:00гө чейин — Панфилов, Бөкөнбаев, Чуйков көчөлөрүндө;
- 9:30дан 17:00гө чейин — Саманчин көчөсүндөгү №5 турак үйдө;
- 9:30дан 18:00гө чейин — Тимур Фрунзе, Гагарин, Киев, Логвиненко, Тоголок Молдо, Талды-Суу, Ала-Бука, Эгинчиев, Буурдинск, Кайназарова көчөлөрүндө, Чүй проспектисинде, "Маданият" конушунда (110 квартал), Темиров кууш көчөсүндө;
- 9:30дан 19:00гө чейин — 4-кичи райондогу №1-8, 4а, 6а, 6б үйлөрүндө;
- 9:30дан 19:00гө чейин — Чоң Чүй каналын бойлой Лермонтов көчөсүнөн Веселый көчөсүнө чейин;
- 9:40тан 17:00гө чейин — Кишинев, Удмуртск, Лермонтов, Көлбаев көчөлөрүндө;
- 10:00дөн 17:00гө чейин — Чүй проспектиси, Древесной, Осмонкул, Курманжан Датка, Кирпичный көчөлөрүндө, Жданов кууш көчөсүндө.