Ат жүрө албаган карлуу тоодо жөө иштеген Токтогулдун энергетиктери. Кызыктуу маек
20:38 04.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / Дастан Зыпар уулу "Жалал-Абад электр" ишканасынын кызматкерлери Эсен Осмонов жана Дастан Зыпар уулу
© Фото / Дастан Зыпар уулу
Жазылуу
"Жалал-Абад электр" ишканасынын эки энергетигинин тоонун башында, ат бара албай калган жердеги белден келген карды жиреп, электр чубалгыларын тартып жүргөн видеосу интернетте талкуу жараткан.
20-февралда жааган кардан улам Токтогул районунун Сары-Камыш айылында жарык өчүп, "Толук" көмөк чордонуна кеткен жол жабык болгондуктан энергетиктер атчан болуп текшерип чыгышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган видеодогу Токтогул райондук электр тармактар ишканасынын Толук участкалык бөлүмүнүн электромонтёру менен байланышып, чакан маек даярдады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Тасмадагы электриктер 53 жаштагы Эсен Осмонов менен 19 жаштагы Дастан Зыпар уулу Толук участкалык бөлүмүндө иштеп, ошол аймактагы айылдарда электр жарыгын көзөмөлдөшөт.
— Сиздердин иш учурундагы видеоңуздар интернетке жарыяланып, ар кандай пикирлер айтылды. Айрымдар сиздердин жумушуңуздардын түйшүгү тууралуу бир катар ойлорун билдиришкен эле. Видео кандайча тартылып калган?
Эсен Осмонов: — Ооба, жакында эле Сары-Камыш айылынын жарыгы өчүп, оңдоого бара жатканыбызда жумуштан сапарыбызды жана ишибизди тасмага түшүрүп келүүбүздү айтышкан. "Макул" деп убакыт боло калганда тасмага түшүргөнбүз, бирок ошондогу барып, оңдоп келүү бир суткадан ашык убакытты алгандыктан келе жатканда телефондун кубаты өчүп калып тарта алган жокпуз.
© Фото / Дастан Зыпар уулу Эсен Осмонов: кыш мезгилинде Сары-Камышта жарык өчүп калса видеодо тартылгандагыдай каттап иштейбиз. Жылына болжол менен үч-төрт жолу барууга туура келет. Жайкысын унаа менен барып оңдойбуз
Эсен Осмонов: кыш мезгилинде Сары-Камышта жарык өчүп калса видеодо тартылгандагыдай каттап иштейбиз. Жылына болжол менен үч-төрт жолу барууга туура келет. Жайкысын унаа менен барып оңдойбуз
© Фото / Дастан Зыпар уулу
— Канчадан бери иштеп жатасыздар?
Э. О.: — Башынан эле энергетика тармагына кызыкчумун. Толук участкалык бөлүмүндө электромонтёр болуп эмгектенгениме быйыл сегиз жылдын жүзү болду. Жанымдагы электрик Дастан Зыпар уулу экөөбүз Толук, Сары-Камыш, Алмалуу айылдарынын электр жарыгын көзөмөлдөйбүз. Бул айылдардын эң алысы Сары-Камыш. Биздин участкалар Толук айылынан ары машина жүрүүчү жол менен 73 чакырым, ал эми тоо аралап барганда 40 чакырымды түзөт. Ушул жол менен 73 чакырымдык аба чубалгы тоону аралай тартылган. Аталган айылдарда 270 абонент бар.
— Кышы менен ушинтип иштейсиздерби? Кар да калың түшөт экен…
Э. О.: — Ооба, кыш мезгилинде Сары-Камышта жарык өчүп калса видеодо тартылгандагыдай каттап иштейбиз. Жылына болжол менен үч-төрт жолу барууга туура келет. Жайкысын унаа менен барып оңдойбуз. Кышында жол жабылып калып, жарым жолго чейин ат менен барыш керек. Тер-Жайлак жайлоосу менен Тер-Жайлак тоосун жана ашууну ашып өтөбүз. Эки суткага жакын жүрүп, анан кайтабыз. Кар 1,5-2 метрге чейин жаап, шамал карды айрым жерлерге үйүп салат. Ошол кезде аттар омуроосунан келген кардан баса албай калып, айла жок талдарга байлап, айылдан ала келген чөптөрдү салып берип, андан ары сапарыбызды жөө улайбыз.
© Фото / Дастан Зыпар уулу 53 жаштагы Эсен Осмонов менен 19 жаштагы Дастан Зыпар уулу Толук участкалык бөлүмүндө иштеп, ошол аймактагы айылдарда электр жарыгын көзөмөлдөшөт
53 жаштагы Эсен Осмонов менен 19 жаштагы Дастан Зыпар уулу Толук участкалык бөлүмүндө иштеп, ошол аймактагы айылдарда электр жарыгын көзөмөлдөшөт
© Фото / Дастан Зыпар уулу
— Кандайча жөө? Адам эмес аттар жирей албаган эки метрге жакын карда кантип жүрөсүңөр?
Дастан Зыпар уулу: — Кар көп жаап, шамал үйүп салган жерлерден боортоктоп жүрүүгө туура келет. Жалгыз адам бара албайт, кооптуу. Жолдун сырын билбегендер барса кырсыктап калышы мүмкүн. Карга батып кетпеш үчүн бут кийимдерибиздин алдына жыгачтан таман байлап алабыз. Кесиптешим Эсен байке жолдун ой-чуңкурун, ыгын билгендиктен ушул кишилердин айтуусу менен жүрүп отурабыз.
Э. О.: — Бул тоого биздин айылдыктар жайкысын жайлоого чыгышат. Ата-бабаларыбыз каттап жүргөн жер. Мунун ой-чуңкурун аталарыбыз үйрөткөн. Кайсы жеринен өтүүгө болбойт, кай жери коопсуз экенин билүү абзел. Ошондой эле атыбыздын чөбүнөн баштап керектүү жабдыктардын баарын алабыз. Техникалык коопсуздукту эске алуу керек. Ошентип 12ден 20 саатка чейин жол жүрөбүз. Авария болгон жерди таап, зым мамыларына чыгып оңдоп, кайра жумушка келип электр жарыгын жиберебиз.
© Фото / Дастан Зыпар уулу Эсен Осмонов: кышында жол жабылып калып, жарым жолго чейин ат менен барыш керек. Тер-Жайлак жайлоосу менен Тер-Жайлак тоосун жана ашууну ашып өтөбүз. Эки суткага жакын жүрүп, анан кайтабыз. Кар 1,5-2 метрге чейин жаап, шамал карды айрым жерлерге үйүп салат
Эсен Осмонов: кышында жол жабылып калып, жарым жолго чейин ат менен барыш керек. Тер-Жайлак жайлоосу менен Тер-Жайлак тоосун жана ашууну ашып өтөбүз. Эки суткага жакын жүрүп, анан кайтабыз. Кар 1,5-2 метрге чейин жаап, шамал карды айрым жерлерге үйүп салат
© Фото / Дастан Зыпар уулу
— Мисалы, Толук айылында жашагандардын Сары-Камышта туугандары бар да. Анан кышында жамандык-жакшылык боло турган болсо алар кантип барат?
Д. З. уулу: — Алар Суусамыр аркылуу каттайт. Сары-Камыш айылына чубалгы зымдар тоону аралай тартылган, ушундай татаал жол менен каттап жаткан себебибиз да ошол. Жол менен барсак, авариянын себептери табылбай калат. Жайкысын Нива, УАЗ өңдүү унаалар бара ала тургандай жол бар. Жаңы маркадагы унаалар ал жолдо каттай албайт.
— Жумушуңуздар оор экен. Ошентсе да эң кыйыны эмне?
Д. З. уулу: — Ишим жагат. Бирок кыйынчылыгы айылдарда жарык өчүп калганда күндөп-түндөп талаада жүрүүгө туура келет. Азыр да тоодо жүрөбүз.
© Фото / Дастан Зыпар уулу Дастан Зыпар уулу: кар көп жаап, шамал үйүп салган жерлерден боортоктоп жүрүүгө туура келет. Жалгыз адам бара албайт, кооптуу. Жолдун сырын билбегендер барса кырсыктап калышы мүмкүн
Дастан Зыпар уулу: кар көп жаап, шамал үйүп салган жерлерден боортоктоп жүрүүгө туура келет. Жалгыз адам бара албайт, кооптуу. Жолдун сырын билбегендер барса кырсыктап калышы мүмкүн
© Фото / Дастан Зыпар уулу
— Сутка жол жүрсөңөр бирөөнүн үйүнө түнөп каласыңарбы?
— Жок, кайдан. Келип элге жарык бериш керек да. Бир сыйра жылуу кийим-кечек да алабыз. Үшүгөндө талаада ыңгайлуу жер таап, от жагып жылынабыз. Ошентип жүрүп үйгө келебиз. Бирок эртеси жумуштан бир күн эс алууга жиберишет.
— Жок, кайдан. Келип элге жарык бериш керек да. Бир сыйра жылуу кийим-кечек да алабыз. Үшүгөндө талаада ыңгайлуу жер таап, от жагып жылынабыз. Ошентип жүрүп үйгө келебиз. Бирок эртеси жумуштан бир күн эс алууга жиберишет.
— Айлыгыңар канааттандырабы?
Э. О.: — Өзүмдүн төрт балам бар, студент болуп калышты. Айлыгыбыз жакшы эле, айына 18 миң сомдой алабыз.
Д. З. уулу: — Мен ушул тармакта иштегениме эки жылдын жүзү болду. ЖАГУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында да сырттан окуп жатам. Үйдө улуусу жана жалгыз уул болгондуктан мен эле иштейм. Карындаштарым мектепте окушат. Айлыгыбыз жакшы.