https://sputnik.kg/20210303/zhaparov-kyrgyzstandyktardy-tuu-kunu-kuttuktady-1051649543.html
Жапаров элди Туу күнү менен куттуктап, чакырык таштады
Жапаров элди Туу күнү менен куттуктап, чакырык таштады
Sputnik Кыргызстан
Жапаров кыргызстандыктарды бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албан-албан чоң ийгиликтерди жаратууга чакырды. 03.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-03T09:44+0600
2021-03-03T09:44+0600
2021-12-15T22:50+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
туу
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1c/1051260547_0:122:2836:1725_1920x0_80_0_0_dd36cfc7fbd7d0935d367187c418e685.jpg
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.Куттуктоодо туу ар бир кыргызстандык жарандын, айрыкча, жаштардын Ата Мекенге болгон атуулдук ыйык сезимин, патриоттук духун көтөрүп, мекенин сүйүүгө түздөн-түз идеологиялык кызмат аткарып жатканы айтылат.Мамлекеттик туу Кыргызстандын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Аны Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдон турган авторлор иштеп чыккан.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
https://sputnik.kg/20160114/1021570857.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1c/1051260547_0:0:2746:1725_1920x0_80_0_0_b5f8ad6e55cbb9532de8d612635e0831.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, туу, куттуктоо
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, туу, куттуктоо
Жапаров элди Туу күнү менен куттуктап, чакырык таштады
09:44 03.03.2021 (Жаңыртылды: 22:50 15.12.2021) Жапаров кыргызстандыктарды бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албан-албан чоң ийгиликтерди жаратууга чакырды.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
"Өлкөбүздүн эгемендиги менен эркиндигин айгинелеп турган мамлекеттик туубуз улуу кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун чагылдырып турат. Эзелтеден эле элибиз кызыл туунун астында бир муштумдай биригип, өз алдынча мамлекет, өз алдынча эл болууга умтулуп, намысын бийик кармап келишкен", — деди Жапаров.
Куттуктоодо туу ар бир кыргызстандык жарандын, айрыкча, жаштардын Ата Мекенге болгон атуулдук ыйык сезимин, патриоттук духун көтөрүп, мекенин сүйүүгө түздөн-түз идеологиялык кызмат аткарып жатканы айтылат.
"Бүгүн дагы ата-бабаларыбыздын салтын улай өлкөнүн келечеги үчүн бир туунун астында биригип, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара" албан-албан чоң ийгиликтерди жараталы. Эрдиктин, тайманбастыктын символу болгон туубуздун кызыл түсү эзели оңбосун, бакубаттуулукту, байыркы кырк уруунун биримдигин чагылдырган күн нурлары эч качан өчпөсүн, ал эми элибиздин ынтымагынын белгиси болгон түндүгүбүз түшпөсүн", — деген Жапаров.
Мамлекеттик туу Кыргызстандын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Аны Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыковдон турган авторлор иштеп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.