https://sputnik.kg/20210303/shveciya-ymyrkaj-koronavirustun-zhany-shtammy-1051651236.html
Швецияда жарыкка келген ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылды
Швецияда жарыкка келген ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылды
Sputnik Кыргызстан
Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин көрсөткөн, бирок кийинки анализдерде ымыркайда оорунун жаңы түрү аныкталган. 03.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-03T11:28+0600
2021-03-03T11:28+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
швеция
коронавирус
ымыркай
кош бойлуу
дүйнөгө жайылган коронавирус
https://sputnik.kg/img/07e5/03/03/1051649697_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_5319770b04136b037d052ceb62247e15.jpg
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Швецияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылганын "Известия" жазды.Мальме ооруканасына ичи катуу ооруган кош бойлуу аял түшкөн. Медиктер кычкылтек жетишсиздигинен курсактагы баланын жүрөгү начар согуп жатканын аныкташкан. Аялга операция жасашып, коронавируска анализ алынгандан кийин баласы экөөнөн тең оору аныкталган. Геномдун анализи ымыркай инфекцияны төрөлгөнгө чейин эле жуктурганын көрсөткөн.Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин аныктап чыккан, бирок кийинки анализдерде ымыркайда вирустун жаңы түрү белгилүү болгон.Дарыгерлер бала төрөлөрү менен коронавирус аныкталган учур биринчи жолу катталып жатканын айтышты. Ал вирусту төрөлүп жатканда жуктуруп алышы мүмкүндүгү болжолдонгон.COVID-19 жуктурган аял ооруну жеңил эле көтөргөндүктөн төрт күндөн кийин чыгарылган. Бала эрте төрөлгөнү үчүн медиктер көбүрөөк жардам берген, бирок антитело бат иштелип чыгып айыгып кеткен.
https://sputnik.kg/20210303/avstriya-olum-vakcina-1051650729.html
швеция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/03/1051649697_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_aaab9521c84024083c37ba82e79fa15d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, швеция, коронавирус, ымыркай, кош бойлуу, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, швеция, коронавирус, ымыркай, кош бойлуу, дүйнөгө жайылган коронавирус
Швецияда жарыкка келген ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылды
11:28 03.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин көрсөткөн, бирок кийинки анализдерде ымыркайда оорунун жаңы түрү аныкталган.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Швецияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылганын
"Известия" жазды.
Мальме ооруканасына ичи катуу ооруган кош бойлуу аял түшкөн. Медиктер кычкылтек жетишсиздигинен курсактагы баланын жүрөгү начар согуп жатканын аныкташкан. Аялга операция жасашып, коронавируска анализ алынгандан кийин баласы экөөнөн тең оору аныкталган. Геномдун анализи ымыркай инфекцияны төрөлгөнгө чейин эле жуктурганын көрсөткөн.
3 Жалган Куран 2021, 11:04
Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин аныктап чыккан, бирок кийинки анализдерде ымыркайда вирустун жаңы түрү белгилүү болгон.
Дарыгерлер бала төрөлөрү менен коронавирус аныкталган учур биринчи жолу катталып жатканын айтышты. Ал вирусту төрөлүп жатканда жуктуруп алышы мүмкүндүгү болжолдонгон.
COVID-19 жуктурган аял ооруну жеңил эле көтөргөндүктөн төрт күндөн кийин чыгарылган. Бала эрте төрөлгөнү үчүн медиктер көбүрөөк жардам берген, бирок антитело бат иштелип чыгып айыгып кеткен.