00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
271 год истории: чем МГУ привлекает студентов со всего мира?
12:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Эркек балдарга “дын, “тын”, кыздарга “дан”, “тен” мүчөлөрү кошулат. Депутаттар жарандардын аты-жөнүн өзгөртүүдө дагы кандай сунуштарды беришти
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
В чем ошибка Запада — беседа с экспертом о падении гегемонии США
14:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө гемодиализ процедурасын жасоонун сапатына көңүл бурулбай жатабы?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бизнес баштоо үчүн акча керекпи? Же идеяны жана жөндөмдүүлүктү талап кылабы?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Насколько безопасны здания Кыргызстана в случае землетрясения?
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Кыргызстанда кино адистери кантип даярдалууда жана кыргыз киносу кайда бара жатат?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
Антиповестка в кино: почему "Субстанция" и "Анора" стали главными событиями 2024 года
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө гемодиализ процедурасын жасоонун сапатына көңүл бурулбай жатабы?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөттүн биринчи кезекте аткара турган 100 күндүк иш планы жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн имараты. Архив
Өкмөттүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Өкмөттүн планында калк үчүн жагымдуу шарт түзүү, бизнес, коомчулуктун актуалдуу суроолоруна реакция кылуу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу сыяктуу маселелер камтылган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өкмөт алдыдагы 100 күндүн ичинде аткарыла турган планын бекитти.
План президент Садыр Жапаровдун жарлыктары менен премьер-министр Улукбек Мариповдун министрлерге койгон тапшырмаларынын алкагында түзүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты колунда сааты менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Сатса бир үй келет. Депутаттар тагынган сааттын баасы жана сүрөттөрү
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, белгиленген долбоорлор менен программалар бюджеттин эсебинен жана донорлордун колдоосу менен ишке ашат.
План калк үчүн жагымдуу шарт түзүү, бизнес, коомчулуктун актуалдуу суроолоруна реакция кылуу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу сыяктуу блокторго бөлүнгөн.
Документте 50 иш-чара камтылган.
Пландагы негизги маселелер:
  • Өзгөчө статус берүү маселесин эске алуу менен Баткен облусунун өнүктүрүү программасын кабыл алуу. Анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү дагы бар (1-июнга чейин);
  • 1-майдан 31-августка чейин Кыргызстандын жарандарынын айрым категориясына акысыз ID-карт берүү боюнча улуттук кампания өткөрүү;
  • 2020-жылдын үлгүсүндөгү электрондук жалпы жарандык паспортторду, электрондук ID-карттарды, электрондук айдоочунун күбөлүгүн, транспорттук каражатты каттоо жөнүндө электрондук күбөлүгүн ишке киргизүү;
  • Айрым консулдук кызматтардын баасын 10дон 30 пайызга чейин төмөндөтүү (15-мартка чейин);
  • Чүй облусунда авто Калкты тейлөө борборун ачуу (1-июнга чейин);
  • 1-майга чейин электрондук ID карталарды, электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорт каражатын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүктөрдү киргизүү;
  • 1-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында электрондук паспорт системасын киргизүү жана транспорт каражаттарын электрондук паспорт менен тариздөө;
  • 10-июнга чейин Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жайгаштырылган кызмат көрсөтүү жана тейлөөнүн санын көбөйтүү;
  • 1-июнга чейин Бишкек шаарында ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү анын ичинде экспорттоочуларды тейлөө боюнча көп функциялуу борборду түзүү жөнүндө өкмөттүн чечим долбоорун иштеп чыгуу;
  • 1-мартка чейин жер-жерлерде жаштардын потенциалын өнүктүрүү үчүн 8 пилоттук муниципалитетте жаштар борборлорун ачуу;
  • 10-июнга чейин республиканын 7 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана кайра калыбына келтирүү;
  • 10-майга чейин бал чарбачылык азыктарын коопсуз өндүрүүгө байкоо жүргүзүү системасын түзүү;
  • 1-майга чейин гуманитардык жардамды эсепке алуунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
  • 1-апрелге чейин Кыргызстандын аймагынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү;
  • 1-майга чейин жарманкелерди өткөрүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын ар бир районунда атайын бөлүнгөн аянттарды камсыздоо;
  • 1-майга чейин лизинг программасы боюнча "Айыл Банк" ААК аркылуу айыл чарба техникаларын фермерлерге берүү.
Документтин толук тексти менен өкмөттүн сайтынан окуңуздар. Ал жактан иш-чаралардын планын көчүрүп алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0