Коргоо министри Өмүралиев Шойгу менен жолугуп, эки маанилүү документке кол койду
Коргоо министри Өмүралиев Шойгу менен жолугуп, эки маанилүү документке кол койду
Sputnik Кыргызстан
Коргоо ведомстволорунун башчылары аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашкан. 26.02.2021, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөнүн коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россиянын коргоо министри, генерал Сергей Шойгу менен кезикти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Министрлер кечээ өлкө президенти жана КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында жолугушкан.Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшкан.
Коргоо ведомстволорунун башчылары аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашкан.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөнүн коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Россиянын коргоо министри, генерал Сергей Шойгу менен кезикти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кечээ өлкө президенти жана КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында жолугушкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары пилотсуз учуучу аппараттарды пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана беш жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшкан.