Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте аял аллеядан бара жатат. Архив
Бишкекте аял аллеядан бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
26-февралга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -5…-10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…-6, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте -6…-8, Ош шаарында 0…-2 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0