Нарында азык-түлүк, буюм-тайымды арзандатуу үчүн жарманкелер уюштурулду
22:19 25.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
![Жарманкеде жашылча-жемиш сатуу. Архив Жарманкеде жашылча-жемиш сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/02/13/1051514185_0:92:3072:1828_1920x0_80_0_0_7ad4265ed93fed445094016dc98c8b28.jpg)
© Sputnik / Мурад Оруджев
/ Жазылуу
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалып жатат.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда.
© © SputnikНарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат
![Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/19/1051588898_0:283:720:735_600x0_80_0_0_eb735b6dc4c41c53f66a631a8b070731.jpg)
1/4
© © Sputnik
Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат
© © SputnikБул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди
![Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/19/1051588903_0:14:960:618_600x0_80_0_0_96f552f3985b3c66e53454d001dd5e97.jpg)
2/4
© © Sputnik
Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди
© © SputnikМындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда
![Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/19/1051588893_48:0:908:540_600x0_80_0_0_8f051a39beeee0f8bea896398b8881af.jpg)
3/4
© © Sputnik
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда
© © SputnikЖарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы
![Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/02/19/1051588888_0:71:960:675_600x0_80_0_0_6e931a44470759c73f1acd991d3074c9.jpg)
4/4
© © Sputnik
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы
1/4
© © Sputnik
Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат
2/4
© © Sputnik
Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди
3/4
© © Sputnik
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда
4/4
© © Sputnik
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы.
"Бүгүн, 25-февралда, мындай жарманке Жумгал районунун Куйручук айылында өткөрүлдү. Аталган айылдагы мал базарга келген район тургундары жарманкеге да катышып, керектүү азык-түлүк, буюм-тайымдарын арзаныраак баада алышты", — деп айтылат маалыматта.
Жарманкелер төмөнкү даректерде уюштурулат:
- Нарын шаарынын Ленин көчөсү, "Санэпид" аймагы — 1-8-15-22-29-мартта;
- Ак-Талаа районунун Баетов айылы - 5-12-19-26-мартта;
- Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы - 28-февралда, 7-14-21-28-мартта;
- Кочкор районунун Теңдик айылында — 27-февралда, 6-13-20-27-мартта;
- Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылы — 27-февралда, 6-13-20-27-мартта;
- Жумгал районунун Куйручук айылы — 4-11-18-25-мартта жана 1-апрелде уюштурулмакчы.