https://sputnik.kg/20210224/olive-zhiru-uefa-chempiondor-ligasy-kooz-gol-video-1051564883.html
Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу
Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу
Sputnik Кыргызстан
Бул беттештеги россиялык миллиардер Роман Абрамовичтин командасына жеңиш алып келген жалгыз гол болгону менен өзгөчөлөндү. 24.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-24T13:15+0600
2021-02-24T13:15+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
спорт
футбол
уефа
оливье жиру
гол
https://sputnik.kg/img/07e5/02/18/1051563770_0:0:3022:1708_1920x0_80_0_0_ea6d56ce66878b06860dd7903435fc8e.jpg
БИШКЕК, 24 фев — Sputnik. Лондондун "Челси" клубунун чабуулчусу Оливье Жиру УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинде чимирилип тээп киргизген голу талкууланып жатат.Мындай окуя мелдештин плей-офф баскычында мадриддик "Атлетико" командасына каршы оюнда болду.Экинчи бөлүктүн 68-мүнөтүндө лондондуктар кезектеги чабуулун жасаган. Атаандаштын айып аянтында коргоочунун бутуна тийип асманга көкөлөгөн топту Жиру чалкасынан жыгылып бара жатып чимирилип тээп, дарбазага киргизген. Бул беттештеги жалгыз жана россиялык миллиардер Роман Абрамовичтин командасына жеңиш алып келген гол болду.Эрежеге ылайык, "Атлетико" талаа ээси болгон. Бирок коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу беттеш Бухаресттеги бейтарап жерде өттү.Жооптук беттеш 17-мартта Лондондо болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/18/1051563770_0:0:3022:1900_1920x0_80_0_0_59756c68025adecc35558bbdc16caa5c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, футбол, уефа, оливье жиру, гол
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, футбол, уефа, оливье жиру, гол
Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу
13:15 24.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бул беттештеги россиялык миллиардер Роман Абрамовичтин командасына жеңиш алып келген жалгыз гол болгону менен өзгөчөлөндү.
БИШКЕК, 24 фев — Sputnik. Лондондун "Челси" клубунун чабуулчусу Оливье Жиру УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинде чимирилип тээп киргизген голу талкууланып жатат.
Мындай окуя мелдештин плей-офф баскычында мадриддик "Атлетико" командасына каршы оюнда болду.
Экинчи бөлүктүн 68-мүнөтүндө лондондуктар кезектеги чабуулун жасаган. Атаандаштын айып аянтында коргоочунун бутуна тийип асманга көкөлөгөн топту Жиру чалкасынан жыгылып бара жатып чимирилип тээп, дарбазага киргизген. Бул беттештеги жалгыз жана россиялык миллиардер Роман Абрамовичтин командасына жеңиш алып келген гол болду.
Эрежеге ылайык, "Атлетико" талаа ээси болгон. Бирок коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу беттеш Бухаресттеги бейтарап жерде өттү.
Жооптук беттеш 17-мартта Лондондо болот.